Ысык-Атада уурдалды деп милицияны түп көтөрткөн бала досунун үйүнөн табылды

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOИИМ кызматкерлери. Архив
ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2021
Жазылуу
Милиция баланы досунун үйүнөн эле тапткан. Алдын ала маалымат боюнча, ал тентектик кылып ушундай кадамга барган.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Ысык-Атада өзүн белгисиз адамдар уурдап кетти деп алдап койгон өспүрүм баланы райондук милиция түп көтөрүлө издеди. Бул туурасында Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Баланын апасы 18-апрелге караган түнү саат 00:23тө милицияга арыз менен кайрылган. Анда кечээ, ишемби күнү, саат 16:30дар чамасында 17 жаштагы уулу уюлдук телефонун оңдотуу үчүн Ивановка айылы тарапка кеткенин жазган.
Жаш кыз бетин жабып отурат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2021
Ошто аялды ээн талаага уурдап барып коркутту делген үч киши кармалды
Болжол менен саат 19:00дөр чамасында апасына чалып үйгө баратканын, бирок артынан белгисиз унаа менен чоочун кишилер аңдып келе жатканын айткан. Кайра жарым сааттан кийин телефонун алып, аны Ивановка айылындагы аймактык оорукана жактан уурдап кетишкенин билдирип, ошол бойдон телефону өчүп калган.
Факт Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен КЖБРге катталган. Ысык-Ата райондук милициянын бардык өздүк курамы тартылып, баланы Ивановка, Кең-Булуң жан Чолпон айылдарынан издешкен.
"Милиция кызматкерлери талааларды, жайыттарды жана адам жашабаган, кароосуз калган жайларды тинтишкен. Ысык-Ата районуна кирип-чыгууга блокпосттор коюлган. Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында өспүрүм Новопокровка айылындагы досунун үйүнөн эле табылды. Алдын ала маалымат боюнча, бала тентектик кылып ушундай кадамга барган", — деп айтылат маалыматта.
Бала аман-эсен ата-энесине өткөрүп берилгени айтылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0