Торонтодогу аудитор Айсулуу: Centerra Gold канадалыктар үчүн чакан эле фирма

© Фото / из личного архива Айсулуу АлмазовойТоронтодогу PricewaterhouseCoopers-PwC команиясында аудитор болуп эмгектенген Айсулуу Алмазова
Торонтодогу PricewaterhouseCoopers-PwC команиясында аудитор болуп эмгектенген Айсулуу Алмазова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2021
Жазылуу
Айсулуу Алмазова алты жылдан бери PricewaterhouseCoopers-PwC эл аралык аудитордук компаниясында эмгектенип келет. PwC эл аралык аудит жана консалтинг кызматын көрсөткөн дүйнөдөгү эң ири төрттүктүн (Deloitte, E&Y, KPMG) катарына кирет.
Каракол шаарында билим алып, жогорку окуу жайды Бишкектен бүтүрүп, дүйнөлүк деңгээлдеги мекемеде иштеген 30 жаштагы Айсулуу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду.
— Алгач сиз иштеп жаткан корпорация тууралуу айта кетсеңиз.
— PricewaterhouseCoopers компаниясы 150 жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Мен жети жылдан бери аудит тармагында эмгектенип, анын 6 жылын компаниянын ар башка кеңселеринде иштеп жүрөм. Акыркы үч жылда Канадада, ага чейин дагы үч жыл Түркияда жана бир жылдай Бишкекте иштегем.
— Элетте окуп, ЖОЖду Бишкектен бүтүргөн кыргызстандык кантип ал жакта иштеп калды?
 Kuwait Airways улуттук авиакомпаниясында стюардесса болуп эмгектенген Мээрим Калкаманова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2021
Кувейтте стюардесса болуп иштеген Мээрим: каттам сайын суроо берип текшеришет
— Бишкектеги "Ала-Tоо" эл аралык университетинде финансы багыты боюнча окугам. Студент алмашуу программасынын алкагында 4-курсту Малайзияда окууга шарт түзүлүп, ошол жактан аудит тууралуу сабак алып, келечекте аркалагым келген кесип экенинин түшүнгөм. Кийинки жылы 5-курсту борбор калаада улантып, окууну бүткөн соң жергиликтүү жеке аудит фирмасында бир жылдай иштедим. Кыргызстандан чет мамлекетке кетүүмө бир катар себептер түрткү болгон. Айлыктын аздыгы, ал кезде 8000 сом алчумун, Бишкекте иштөө атмосферасы да мүнөзүмө, көздөгөн максаттарыма көп туура келбей, эл аралык тажрыйба алууну көздөп сыртка кетким келген.
Ошол убакта жигитим Түркияда магистратурада окуп, жашоо шарты жакшы экен, бул жерде иштөөгө кандай карайсың деп сунуштап, аудит фирмаларына жумушка тапшырып, экөөнөн жооп келгенинен 2-3 жуманын ичинде Бишкектеги жумушумду тапшырып берип, Түркиянын Анкара шаарына көчүп кеткем. Чоң компаниялардын кызматка алуу процесси көпчүлүк учурда бир канча айдан бир жылга чейин созулат. Мен дагы акыркы жооп келгиче Анкара шаарында лифт тетиктерин чыгарган фирманын эл аралык соода бөлүмүндө иштедим. Орусча, англисче билгендерге Түркияда эл аралык соода тармагында жумуштар аябай көп, айлыгы да салыштырмалуу жакшы. Бир жылга жакын уланган жумушка алуу процесси аяктап компаниянын Стамбулдагы кеңсесинен сунуш келип, өндүрүш жана кызмат көрсөткөн фирмаларын текшерген бөлүмүндө иштеп баштадым. Үч жылдай иштеген соң башка мамлекеттердеги кеңселеринде тажрыйба алмашып иштөө мүмкүнчүлүгү пайда болду. Эл аралык тажрыйба топтоо максатымды жолдошум да колдоп, Канаданын Монреаль шаарындагы кеңсесине которулуп, үй-бүлөбүз менен көчүп келгенбиз. Компаниянын башкы кеңсеси Торонто шаарында эле, бир жылдан кийин Монреалдан ошол жакка которулдум. Учурда ар кыл тармактагы өндүрүш жана кызмат берген фирмалардан сырткары IT жана альтернативдүү энергия чыгарган фирмаларынын аудитинде адистешип келем.
© Фото / из личного архива Айсулуу АлмазовойАйсулуу Алмазова алты жылдан бери PricewaterhouseCoopers-PwC эл аралык аудитордук компаниясында эмгектенип келет
Аудитор в компании PricewaterhouseCoopers-PwC в Торонто Айсулуу Алмазова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Айсулуу Алмазова алты жылдан бери PricewaterhouseCoopers-PwC эл аралык аудитордук компаниясында эмгектенип келет
— Аталган компанияда сизден башка кыргызстандыктар барбы?
— Стамбулда 2014-жылы кышында мени менен чогуу дагы бир кыргыз кыз ишке алынган. Ал эми Торонтодогу кеңсебизде кыргыз байке менен чогуу иштейбиз. Мындан тышкары, КМШ өлкөлөрүнөн келгендер бар.
— Аудиторлордун кесиптик ишмердүүлүгүндө көз карандысыз болушу керек деген талап бар эмеспи, сиздерге так ошондой иштөөгө шарт түзүлүп берилгенби?
— Биздин кызматты көбүнчө акционердик коомдор пайдаланат. Себеби алардын чейректик жана жылдык финансылык баяндамасы көз карандысыз аудиттен өтүп, калкка жарыяланып турушу керек. Бардык жактагыдай эле Канадада да акционердик коомдордун таза жана ачык-айкын иштөөсү мамлекеттик орган тарабынан өтө кылдаттык менен көзөмөлдөнүп турат. Аталган орган, мекемелерден сырткары, бизге окшогон аудиторлордун дагы канчалык деңгээлде көз карандысыз, сапаттуу иштеп жатканын көзөмөлдөп, жылына биздин иш кагаздарыбызды текшерүүгө келип турушат. Ар бирибиз эл аралык аудитордун этикалык талаптарынын негизинде көз каранды болбой, адилеттүү, таза иштөөгө милдеттендирилгенбиз. Аны үстүнө аудитордук компаниялар арасында да атаандаштык күч. Акционердик коомдордон тышкары чакан жеке фирмаларды мамлекет көз карандысыз аудиттен өтүүсүн милдеттендирбейт, муну көпчүлүк учурда инвесторлор же кредиторлор талап кылат. Биз ушул жаата дагы кызматтарыбызды сунуштайбыз.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Aisuluu Almazova✨ (@madamize)

— Сиздер көбүнчө ири акционердик коомдорду текшергендиктен аларды кирешеси, сарптаган акчасы дагы арбын болсо керек. Бир чоң компанияны эң көп дегенде канча ай аудит кыласыңар?
Ситуация в Китае из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2021
Кыргыз баланын сөөгүн тик учакка жүктөп. Афганистандан Кувейтке кеткен Берметтин баяны
— Башка мамлекеттер сыяктуу эле Канадада дагы көпчүлүк компаниялардын жылдык отчету 31-декабрда жабылат. Мамлекеттик орган февраль айынын акыркы жумалары же март айынын башына чейин ачык булактарга финансылык баяндамасы менен бирге аудиттик отчетту да жарыялашы керек. Эгер кайсы бир компания берилген убакыттан кечиктирсе, ири көлөмдөгү айып пулга жыгылат. Ошондон улам биз даярдыкты ноябрь-декабрь айларында баштап март айынын ортолоруна чейин тынымсыз иштейбиз. Күнү-түнү иштөөгө туура келет, ыйлап-сыктасак да өз мөөнөтүндө ишти бүтүрүп берүүгө аракет кылабыз. Биз текшерген айрым компаниялардын жылдык соодасы Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмүнөн да ашат. Убакыт жана командабыздын саны текшерилип жаткан компаниянын ири же чакан болгонуна жараша пландаштырылат. Акционердик коомдордун аудити январь айынан мартка чейин созулуп, командага үч-төрт кызматкерден 20-30га чейин адис кирет. Ал эми жеке фирмалардын аудитин инвестор же кредиторлорунун талабына жараша жылдын ар убагында текшеребиз.
— Ишиңизде мыйзам бузган, ири көлөмдөгү айып пулга жыгылган компанияларды кездештире алдыңызбы?
— Буга чейин Түркияда, Канадада бир топ компанияларды текшердик. Бирок аудиттен өткөн финансылык баяндамасын убагында тапшырбай калып ири көлөмдөгү айып пул төлөгөн же көмүскө экономикага аралашкан бир дагы компанияны жолуктура элекмин. PwC дүйнөдөгү эң чоң төрт аудитордук компаниянын бири, ага жараша кызмат көрсөтүүбүз кичирээк аудит фирмаларына салыштырмалуу кымбатыраак, ошондуктан көпчүлүк учурда кызматыбызды ири кардарлар алат. Алардын көпчүлүгүндө коррупция деген түшүнүк жок, ачык-айкын иштешет, мыйзам бузууга да барбайт. Ал эми аудит учурунда табылган каталарды оңдоосун сунуштайбыз, эгер кардар макул болбосо, аудит отчетубузду өзгөртүүгө туура келет, бирок мындай учурлар чанда.
© Фото / из личного архива Айсулуу АлмазовойАлмазова: биздин кызматты көбүнчө акционердик коомдор пайдаланат. Себеби алардын чейректик жана жылдык финансылык баяндамасы көз карандысыз аудиттен өтүп, калкка жарыяланып турушу керек
Аудитор в компании PricewaterhouseCoopers-PwC в Торонто Айсулуу Алмазова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Алмазова: биздин кызматты көбүнчө акционердик коомдор пайдаланат. Себеби алардын чейректик жана жылдык финансылык баяндамасы көз карандысыз аудиттен өтүп, калкка жарыяланып турушу керек
— Коррупция жок, көмүскө экономика жок... Биз үчүн кабыл алууга татаалыраак болуп жатат. Мыйзам катуубу же эл ушуга көнгөнбү?
— Мисалы, Канадада мыйзам катуу иштейт. Ири компанияларды коюп өзүмдү айтайын, мен жыл сайын салык декларациясын тапшырам. Документте канча акча тапканымды, канча коротконумду, бардыгын толук көргөзөм. Анан мамлекеттик орган ал жылы эмне кызмат алганымды карап көрүп төлөнгөн акчамдын бир бөлүгүн мага кайра кайтарып берет же менин кошумча акча төлөөмдү талап кылат. Ал эми чоң компаниялар аброюн, келечегин ойлоп мыйзам чегинде иштешет.
— Сиз иштеген шаарда Кум-Төр кенин иштеткен Centerra Gold компаниясынын башкы кеңсеси жайгашкан. Кесибиңиздин аркасы менен аларды текшерүү иштерине аралашууга мүмкүнчүлүк болгон эмес беле?
Эркин Асрандиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
Жашагың келсе кайдан-жайдан болсо да күч табылат экен. Эркин Асрандиев менен маек
— Centerra Gold биздин кардар эмес. Мүмкүнчүлүк болсо текшерүүсүнө катышууга аракет кылмакмын. Компаниянын жарыялаган финансылык баяндамасын бир нече жылдан бери окуп жүрөм. Ал компания кыргызстандыктар үчүн чоң болгону менен канадалыктар үчүн кичинекей эле фирма. Кээде "Centerra Gold Кыргызстандагы алтындын баарын ташып байып жатат" деген сөздөрдү угуп калам. Менимче, биздин туура эмес ички саясатыбызды, Кум-Төрдүн өзүбүзгө тиешелүү бөлүгүн жакшы башкара албаганыбызды аларга шылтап коюп жатабыз. Бул туурасында соцтармактагы баракчама да жазгам.
— Жумушуңузда кагаз, сандар менен көп иштейт экенсиз, аудитор болуу үчүн чыдамкайлуулук эле жетиштүүбү же өзгөчө жөндөм керекпи?
— Бул кесипке өзгөчө талант деле керек эмес, билим жана эмгекти талап кылат. Кези келгенде душка түшкөндү, тамактанганды, уктаганды унутуп коебуз. Ири компанияларды кышкысын текшергенде суткасына үч-төрт сааттай эле уктап калабыз. Ошондой стресске туруштук берген күчтүү эрк керек.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Aisuluu Almazova✨ (@madamize)

— Өзүңүздүн дүйнөдөгү эң ири компанияда иштеп жатканыңызды жеке жетишкендик катары баалайсызбы? Жаштарга кандай кеп-кеңеш бересиз?
— Азыр дүйнөдө self made ("өзүн-өзү жолго салуу, калыптандыруу") деген тренд жүрүп жатат. Менин пикиримде, адам эч качан жалгыз өзүн-өзү жасай албайт. Айылда өскөнүмө карабай шаарда, кийин чет өлкөдө билим алуума шарт түзүп берген үй-бүлөмө, анан мени дайым колдогон, мага ишенген жолдошума, мугалимдериме, жол көрсөткөн кесиптеш устаттарыма ыразычылык билдирем. Жетишкендигимдин 30 пайызы өз аракетим болсо, калганы жакындарымдын эмгеги. Ошондуктан мен бардыгын өзүм жасадым деп айтканым туура болбойт.
Азыр мүмкүнчүлүктөр кенен, ошол эле учурда атаандаштык курч. Интернеттеги бекер булактарды пайдаланып билим алуу, чет өлкөгө чыгууга, акысыз же арзан окуп заманбап кесип ээси болгонго, чет жактагылар менен баарлашууга, чыгармачыл идеяларды бүткүл дүйнө жүзүнө таратууга эч кандай тоскоолдук жок. Көпчүлүк ийгиликке оңой жетүүнүн формуласын издейт, бирок бардык ийгилик талыкпас эмгектен жаралат.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0