Эртең Бишкектин бир нече конушунда жарык өчүрүлөт. График

© Sputnik / Табылды КадырбековЭлектр зымдарын оңдоо. Архив
Электр зымдарын оңдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2021
Жазылуу
Бул күнү зымдарды кайрадан тартуу жана кабелдерге тоскоолдук жараткан бутактарды кыркуу сыяктуу иштер жасалат.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Эртең, дүйшөмбү күнү, Бишкектин айрым көчөлөрүндө электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт. Бул туурасында "Түндүк электр" ишканасы билдирди.
Бул күнү трансформатордук көмөк чордондордо техникалык жактан тейлөө, зымдарды кайрадан тартуу жана кабелдерге тоскоолдук жараткан бутактарды кыркуу сыяктуу иштер жүргүзүлөт.
Жарык өчө турган аймактар:
  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Чыңгыз Айтматов проспектиндеги №14 үй, Дордой, Ак-Ордо (Жаңы-Жол, Падыша-Ата, Сокулук көчөлөрү), Арча-Бешик (Ойсул-Ата, Бердибаев, Кривоносов көчөлөрү, Эр Тайлак, Репина, Валдай, Ак-Түз көчөлөрүнүн бөлүгү), Ак-Өргө (Кыбыла, Ак-Ордо, Тогуз-Канат, Таш-Рабат көчөлөрү), Көлмө (Кулиев, Махатма Ганди, Республика, Максат, Жеткинчек көчөлөрүнүн бөлүгү) конуштарында;
  • 9:30-17:00 — 10-кичи райондогу №14, Кахов көчөсүндөгү №37 үйлөрдө;
  • 9:30-18:40 — Элебесов, Карагач көчөлөрүнүн ортосунда, Енисей жана Арал тар көчөлөрүндө;
  • 9:30-19:00 — Көк-Жар конушунун Сайма-Таш, Молдокулов, Акылбеков, Арстанбап көчөлөрүндө;
  • 3:00-17:00 — Бакай-Ата конушунун Табылды, Ырчы-Уул, Анар, Көкчө көчөлөрүндө.
Жаңылыктар түрмөгү
0