Өлкөдө балдарга полиомиелитке каршы вакцина сайыла баштады

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМедайым эмдөө учурунда. Архив
Медайым эмдөө учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
Жазылуу
Полиомиелит — балдарды өлүмгө чейин алып барган инфекциялык оору. Министрлик дарттын дабасы жок экенин, коргонуу үчүн вакцина алуу зарылдыгын эскертти.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыргызстанда балдарга полиомиелитке (балдардын шал оорусу) каршы вакцина сайылып баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, эмдөө 19-апрелден 19-майга чейин жүргүзүлөт. Вакцинаны үч жана беш жаштагы, тагыраагы, 2016-жылдын 1-апрелинен тарта 2018-жылдын 15-февралына чейин төрөлгөн балдар алат.
Эмдөө бекер. Учурда Кыргызстанда полиомиелитке каршы дарынын 180 миң дозасы бар, дагы алып келүү пландалууда. Жалпысынан 270 миңден ашуун бала эмделмекчи.
Медициналык кызматкер Бишкектеги ооруканада COVID-19 менен оруган бейтаптар менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Министр: былтыр ооругандар кайра вирус жуктуруп алууда, вакцина алгыла
Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Тажикстанда балдардын шал (полиомиелит) оорусу чыкканын жарыялаган. Уюмдун адистери абалды экинчи деңгээлдеги өзгөчө кырдаал катары баалашкан.
Министрлик Кыргызстанда 1993-жылдан бери поливирус жок экенин, 2002-жылдан тарта республиканын "Полиомиелиттен эркин өлкө" сертификаты барын эскертти.
Полиомиелит — балдарды өлүмгө чейин алып барган инфекциялык оору. Кесепети адамды өмүр бою коштоп жүрөт. Дарттын дабасы жок, бирок вакцинанын жардамы менен коргонсо болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0