Эртең Бишкектин кээ бир жерлеринде муздак суу өчөт. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековСуу краны. Архив
Суу краны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
Жазылуу
Борбор калаанын көчөлөрүндө жана кичи райондорунда муздак суу 13 саатка өчөт. Мэрия жарандарды суу камдап алууга чакырууда.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. "Батыш" суу кампасындагы оңдоо иштерине байланыштуу эртең, 20-апрелде, Бишкектин айрым жерлеринде эртең мененки саат 9:00дөн кечки 22:00гө чейин муздак суу жок болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Суу берилбей турган аймактар:
  • Садыгалиев, ЧЧК (Пригородное), Ала-Арча дарыясы жана темир жол менен чектеш аймактарда;
  • Волков, Кустанай, Садыгалиев жана ЧЧК менен чектеш аймактарда;
  • Кызыл-Аскерде;
  • 110-кварталда;
  • Достук кичи районунда.
Мындан сырткары, "Бишкек жылуулук энерго" ишканасында дагы оңдоо иштери жүргөндүгүнө байланыштуу төмөнкү буу казандарда дагы ысык суу жок болот:
  • КЭЧ-1;
  • КЭЧ-2;
  • Факел;
  • БСМ;
  • №1 мектеп-интернатында;
  • №705 аскер бөлүгүндө;
  • №15 орто мектебинде;
  • №49 орто мектебинде.
Жаңылыктар түрмөгү
0