Кыргызстанда алгачкы жолу чек ара аймактарында ветеринардык станциялар ачылат

Уйлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
Жазылуу
Ветеринардык станция — башка өлкөдөн алып келе жаткан малдан анализ алынып, анын жыйынтыгы чыккыча карантинде кармап туруучу аймак.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Чек араларда ветеринардык станцияларды уюштуруу аракеттери башталды. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, мындай станциялар эгемендүүлүк алган жылдан бери алгачкы жолу ачылганы турат.
Министр Аскарбек Жаныбеков сөз болуп жаткан станциялар өлкөдөгү эпизоотиялык абалды жакшыртууга, мал ооруларын алдын алууга шарт түзөрүн айтты.
Ветеринардык станция — башка өлкөдөн алып келе жаткан малдан анализ алынып, анын жыйынтыгы чыккыча карантинде кармап туруучу аймак.
Жаңылыктар түрмөгү
0