Вице-премьер Улукбек Кармышаков

Вице-премьер кайсы тармакта иштегендердин саны кыскарарын айтты

252
(жаңыланган 16:32 19.04.2021)
Учурда анализ жүрүп жаткандыгына байланыштуу мамлекеттик кызматкерлердин канча пайызы ишсиз калары белгисиз.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Мамлекеттик органдарда иштегендердин санын кыскартуу пландалып жатат. Бул тууралуу вице-премьер Улукбек Кармышаков Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымына караганда, алдыда штатты кыскартуу маселеси турат.

"Штатты кыскартууда бир чети бюджеттик каражат үнөмдөлсө, экинчи жагынан кыскартылгандар боюнча социалдык маселе жаралат. Бирок жаңы Конституция күчүнө кирсе мамлекеттик органдарынын штаты баары бир оптимизацияланат", — деди вице-премьер.

Ал азырынча кыскартуу канча пайызды түзөрүн айтууга эртелик кыларын белгилеп, учурда кошулган ведомстволордо анализ жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Вице-премьердин сөзүнө караганда, кадрларды кыскартуу укуктук, финансы, камсыздоо, адам ресурстары боюнча башкармалыктарда жана жалпы бөлүмдөрдө жүргүзүлмөкчү.

252
Белгилер:
кыскартуу, мамлекеттик орган, Улукбек Кармышаков
Тема боюнча
Өкмөт 10 миллион доллар насыя алат. Каражат кайда жумшалат
Айыл жергеси. Архив

Жума күнгө карата аба ырайы

48
14-майга караган түнү республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда аба ырайынын бузулушунан улам сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Жума күнү Кыргызстандын бир катар аймактарында күндүн ысыгы 29 градуска жетсе, кээ бир жерлеринде жамгыр жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +24…+29, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +15…+20 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +23…+25, Ош шаарында +27…+29 градусту көрсөтөт.

48
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Чаткалда алтын казган компания экологиялык зыяны үчүн 103 млн. сомдук доого жыгылды
Автотыгын. Архив

Автоунаалардын аягы көрүнбөйт. Бишкекке тоо тараптан келе жаткандардын видеосу

135
(жаңыланган 21:17 13.05.2021)
Окуянын күбөлөрү бүгүн шаар четине эс алганы чыккандар көп экенин, кайтканда бир нече чакырымга созулган жол тыгын болгонун айтышты.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бишкекке тоо тараптан эс алып келе жаткандар узун автотыгынды жаратты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын күбөсү билдирип, видеосун жиберди.

Кадрдан автоунаалар бир топ чакырымга тизилип, айрымдары эки-үч катар болуп токтоп калганын көрүүгө болот. Кишилердин сыртка чыгып алганы да байкалат.

Жол тыгын Ала-Арча жана Аламүдүн капчыгайларындагы жолдо болгон. Кырдаалды Кайгуул милициясынын кызматкерлери жөнгө салган. Жол кырсыгы байкалган эмес.

Видеону тарткан адам бүгүн шаар четине эс алганы чыккандар абдан көп болгонун айтты.

135
Белгилер:
видео, унаа, тыгын, жол, Чоң-Арык айылы, Байтик айылы
Тема боюнча
Бишкектеги автотыгынды азайтуу үчүн асма көпүрөлөр курулат
 Чүйдүн Сокулук районундагы чарба жана курулушка керектүү материалдарды саткан дүкөндөн өрт чыкты

Сокулуктагы дүкөндүн өрттөнгөн видеосу

90
(жаңыланган 22:51 13.05.2021)
Тилсиз жоо менен күрөшүүгө ӨКМден эки бөлүм жана өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын бир штабы тартылды. Ал саат 20:43тө чектөөгө алынды.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Чүйдүн Сокулук районундагы чарба жана курулушка керектүү материалдарды саткан дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Дүкөн Новопавловка айылынын Киров көчөсүндө жайгашкан. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө саат 19:54тө эки бөлүм, ал эми саат 20:14тө өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын штабы тартылган.

Өрт саат 20:43тө чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүгөн.

Ал эми саат 21:56да толугу менен өчүрүлдү.

90
Белгилер:
видео, дүкөн, өрт, Новопавловка
Тема боюнча
Алайда үй өрттөнүп, 56 жаштагы киши каза болду. Сүрөттөр