Эки окуучудан COVID-19 табылды. Ошто №20 мектеп карантинге жабылды

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүМектептеги класс. Архив
Мектептеги класс. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
Жазылуу
Окуучулар коронавирус жуктуруп алгандыгына байланыштуу мектеп эки жумага жабылды. Буга чейин дагы бир нече билим берүү мекемеси онлайн форматка өткөн.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Ош шаарындагы Исхак Раззаков атындагы №20 мектеп-гимназиясынын эки окуучусунан COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.
Медициналык кызматкер оорукананын карантин бөлмөсүндө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
Коронавирустан алты киши каза таап, 212 адам жуктурду. Соңку маалымат
Эске салсак, 13-апрелде калаанын "Олимп" жана "Жетиген" мектептеринде да эки окуучу илдетке кабылган. Алар бир туугандар болуп, коронавирус аларга энесинен жуккандыгы аныкталган.
Мындан улам алар менен байланышта болгондордон анализ алынып, мектептер онлайн режимге өткөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0