Май айында кыргызстандыктар кошумча үч күн эс алат

© Sputnik / Сергей Мамонтов / Медиабанкка өтүүМайрамдык концерттин көрүүчүлөрү. Архив
Майрамдык концерттин көрүүчүлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2021
Жазылуу
Өкмөт күндөрдү сарамжалдуу пайдалануу үчүн 3-майдагы эс алууну 8-январга жылдырган. Бирок орозо айт бар экенин да эскерте кетели.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Май айында кыргызстандыктар үч күн эс алат. Бул тууралуу өкмөттүн токтомунда белгиленген.
Жыл сайын үч майрам белгиленип келет, бирок быйыл өзгөртүү бар.
  • 1-май — Эмгек майрамы;
  • 5-май — КРдин Конституция күнү;
  • 9-май — Жеңиш күнү.
Ала-Тоо аянтындагы шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Жайдагыдай ысыйт! Май айына карата аба ырайы
Эгерде эс алуу менен майрам күндөрү дал келсе дем алыш күн майрамдан кийинки жумуш күнүнө которулат. Эреже боюнча 1-май ишембиге туш келгендиктен 3-май дагы эс алуу күнү болмок. Бирок өкмөт күндөрдү сарамжалдуу пайдалануу үчүн 3-майдагы эс алууну 8-январга жылдырган.
5-май шаршембиге туура келет. Ал эми 9-май жекшембиге туура келгендиктен кийинки дүйшөмбү күнү, башкача айтканда, 10-майда кыргызстандыктар эс алат. Мындан сырткары, орозо айт бар. Бирок азырынча анын так датасы билине элек. Ошондо жалпысынан кыргызстандыктар ишемби менен жекшембилерди эсепке албаганда кошумча үч күн эс алат.
Жаңылыктар түрмөгү
0