Журналист, акын Эрнис Асек уулун эскерүү кечеси өтөт

© пресс-служба мэрии города БишкекТоктогул Сатылганов атындагы улуттук филармония. Архив
Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармония. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2021
Жазылуу
Эрнис Асек уулу маркум журналист, саясатчы, коомдук ишмер Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси. Ал "Асаба", "Агым" гезиттеринде кабарчы, башкы редактор болуп эмгектенген.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Журналист, котормочу, акын Эрнис Асек уулун эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине журналисттин жакындары билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара 25-апрелде Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда уюштурулат.
Утраты года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2020
Ажал алып тынган кайрандар... 2020-жылдагы жоготуулар
Эскерүү кечеси "Өмүр менен өлүмдүн "жарк" дей түшкөн учкундары" деп аталып, анда Эрнис Асек уулунун "Каалга" китебинин бет ачары да болот.
Эрнис Асек уулу маркум журналист, саясатчы, коомдук ишмер Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси. Ал "Асаба", "Агым" гезиттеринде кабарчы, башкы редактор болуп эмгектенген. Кийин "Баягы Асаба" гезитин да чыгарып жүргөн. Журналист 2020-жылдын январь айында оорудан улам көз жумган.
Жаңылыктар түрмөгү
0