Манас аэропорту. Архивдик сүрөт

"Манас" аэропорту татарстандык ишкерлердин келген себебин түшүндүрдү

159
(жаңыланган 10:07 20.04.2021)
Аэропорттун маалымат кызматынан билдиришкендей, Татарстандагы компаниянын өкүлдөрү Кыргызстанга рынокту изилдөөгө, кызыктыра турган инвестициялык долбоорлорду кароо үчүн келишкен.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсынын маалымат кызматы татарстандык "Ядран" финансылык компаниянын жетекчилиги менен болгон жолугушуу боюнча түшүндүрмө берди.

Буга чейин "Манас" аэропортун чет элдик компаниялардын башкаруусуна өткөрүп берүү ниети болуп жатат делген маалымат чыгып, компания аны расмий түрдө четке каккан.

Аэропорттун маалымат кызматынан билдиришкендей, "Манас" ААКсы инфраструктуранын ишин жакшыртуу үчүн инвестиция тартуу, кирешени көбөйтүү, түз жана кыйыр киреше боюнча жаңы багыттарды иштеп чыгуу аракетин көрүп жатат.

"Бүгүнкү күндө кытай, түрк жана ички инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Анын алкагында татарстандык "Ядран" БК ЖЧКсынын жетекчиси Ирек Салихов менен жолугушуу болуп өттү. Аэропорт директору Бакыт Шаршеев инвестицияга муктаж болгон компаниянын ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалымат кызматынан кошумчалашкандай, "Ядран" компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстанга өздөрү үчүн рынокту жана инвестициялык ишмердүүлүктү талдоо үчүн келишкен. "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсы аны менен инфраструктурадан тышкары мобилдик байланыш жана энергетика тармагында кызматташуу жолдорун кароодо.

159
Белгилер:
түшүндүрмө, инвестициялар, Татарстан, "Манас" эл аралык аэропорту, Бишкек
Тема боюнча
Авиабилеттердин кымбаттаган себебин РФтин Монополияга каршы кызматы түшүндүрдү
Төкмө акын Эламан Келдибеков

"Бала Барпы" Эламан акын: Баткен коогасында үйдө 60тан ашык киши жашады

118
(жаңыланган 20:10 06.05.2021)
Баткендик төкмө акын Эламан Келдибековду коомчулук “бала Барпы” деп да атап келишет. Ал Барпынын обонуна салып, айтышка улуу акындын ыкмасы менен түшөт.

Sputnik Кыргызстан агенттиги төкмө акын Эламан Келдибеков менен кабарлашып, акындын туугандарынын ал-жайын сурап, өнөр туурасында аз-маз баарлашкан элек.

Акын учурда Москва шаарында иштеп жүрөт.

— Азыр Россияда турбайсызбы?

— Мен азыр Россиянын Москва шаарында жүрөм. Абалым кудайга шүгүр, иштеп жатам. Былтыр 28-декабрда келгем. Жаңы жылды бул жактан тостум. Москвага келген себебим, иштеп, акча таап, анын үстүнө жер көрөйүн деп да ойлодум. 

— Акындык дайыма изденүүнү талап кылат эмеспи. Өнөргө убакыт табылып жатабы?

—  Бул жактагы мигранттар да мени көрүп “Бул да бизге окшоп иштегени келиптир. Өнөрү калып кетет го”, — деп ойлошот. Айрымдары ачык эле сурайт, бирок өнөр эч качан калбайт. Анткени аны атайын үйрөнүүгө болбойт эмеспи. Бул да тубаса кудайдан берилген талант. Анан жоопкерчилик жагы да бар. Заманыбыздын залкары болгон Элмирбек Иманалиевдин да шакирти болуп калдык. Бул акындык өнөрдүн алдындагы жоопкерчиликти эки эсе көбөйтөт. Муну менен катар төкмөлүктү өрчүтүп, мокотпой алып жүрүү үчүн бир гана китеп окуп, үйдө отуруу керек эмес. Үйрөнүүнүн жолдору көп, акын көз менен көрүп, кулак менен угуп, сезип да үйрөнөт. Ошол себептен бул жактан да изденүүнү токтотпой, чыгармачылык менен катар ишимди алып кетүүдөмүн десем болот.

Баткенский акын-импровизатор Эламан Келдибеков
© Фото / Нурлан Темирбек уулу
Баткендик төкмө акын Эламан Келдибековду коомчулук “бала Барпы” деп да атап келишет. Ал Барпынын обонуна салып, айтышка улуу акындын ыкмасы менен түшөт

— Баткендин кулуну болосуз. Акыркы кандуу окуя, тажиктердин кол салуусун сиз кандайча уктуңуз?

— Мен Лейлек районунун Маргун айылынан болом. Биздин айыл Арка, 60 жылдык, Максат айылдары менен чектеш. Кечээки окуялар ушул айылдарда болду. Ал айылдын тургундары биздин айылга качып келишкен экен. Коңшулардын чектеш айылдарында жашаган карапайым эл менен буга чейин алакабыз бар эле. Алар биздин базарга, биз алардыкына барып соода кылып турган кез болгон.  Ошондой эле коңшу тажиктер менен талаш-тартыш, кагылыштар мурунтан эле болуп келген. Бирок ушул жолкусунда абдан оор болду. Тажикстандын  атайын даярданганын көрдүк. Ушундай мыкаачылык менен басып кирип, тынч жаткан элдин канын төгүп, мал-мүлкүн талоонго алышты. Муну менен эле жөн калбай, кайра бизди сотко берип койгонуна аргасыз баш чайкайсың. Ушунчалык бетсиздикке ишенбей да кетет экенсиң. Кыжырым келди. 

Баткенский акын-импровизатор Эламан Келдибеков
© Фото / Нурлан Темирбек уулу
Төкмө акын Эламан Келдибеков: заманыбыздын залкары болгон Элмирбек Иманалиевдин да шакирти болуп калдык. Бул акындык өнөрдүн алдындагы жоопкерчиликти эки эсе көбөйтөт

— Ушул окуяга чейин сиз чек ара боюнча оюңузду билдирип, Камчыбек Ташиевге да жооп кайтарган ырыңыздын видеосу социалдык тармакта кенен тарап, талкуу жараткан... 

— Чек ара боюнча былтыр да социалдык тармак аркылуу кайрылуу жасагам. Быйыл да өзүңүздөр көргөндөй жогорку жакка кайрылдым. Бул, биринчиден, акындык парзым, экинчиден, ушул өлкөнүн жаранымын. Үчүнчүдөн, Баткендин баласы болгондугум үчүн чек ара темасында көбүрөөк кайрылууга туура келет. Себеби акын болуп туруп элдин үнүн айтып чыкпасам, жеткирбесем, менин эмнем акын? Бул кайрылуумду туура эле кылдым деп ойлойм. 

Ушу тапта:

“Баткендин эли баатыр эл

Таш менен коргойт чектерин.

Тажиктер бизге үйрөттү

Таш доору өтүп кеткенин”, — деген саптар келип жатат.

— Ата-энеңиз Баткендеги каргашалуу окуяда жабыркашкан жокпу, баары жакшыбы?

— Негизи абдан коркушкан экен. Кандуу окуя башталганда үйдө чек арага жакын айылдардан качып келген 60тан ашык адам жашаптыр. Азыр апам бар, атам мен беш айлык кезимде каза болуп калган. Өзүм алты бир туугандын кичүүсүмүн. Туугандарымдын бардыгы айылда турушат. Кудайга шүгүр, азыр баары тынч.

Баткенский акын-импровизатор Эламан Келдибеков
© Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"
Төкмө акын Эламан Келдибеков: устатыбыз Элмирбек Иманалиевден көп нерсе үйрөндүк. Ал кишинин өткөнүнө бир жылдан ашып калды. Бирок ушу кезге чейин устатыбыз дайыма биз менен жүргөндөй эле сезиле берет

— Сиз негизинен комуз чертпей, өзгөчө стилде ырдайсыз. Муну атайын тандап алдыңыз беле же башынан ырдоо техникаңыз ушундайбы?

— Барпы атабыздын стилинде ырдайм. Ошол себептен эл да мени “Бала Барпы”, “Жаш Барпы” деп коюшса керек. Негизинен комузу жок айтышуу комуз менен төккөнгө караганда бир аз оор. Анткени кээде эки саптын же төрт саптын ортосунда комуз чертип турууга болот. Барпы атабыздын стилинде ырдоодо тездик, ыкчам ойлонуп төгүү керек. Айтыштарымда кээде ырдап жатып эле токтоп калып, эл мени, мен элди карап туруп калган ирмемдер кездешет. Бирок мындай стилде ырдоо өзүмө жагат. Айтыштардын биринде кадимки Түгөлбай Казаков агабыз “ушинтип ырдап көрчү, сага жарашса керек” деп ушул обонду сунуштаган. Ырдап көрдүм, мага абдан жакты.

— Комуз черткенди билесизби?

— Комуз жагына келгенде элдин оозун ачырып күү черте ала турган комузчу эмесмин. Бирок акындыктын деңгээлинде чертем.

Баткенский акын-импровизатор Эламан Келдибеков
© Фото / предоставлено Эламаном Келдибековым
Төкмө акын Эламан Келдибеков: кандуу окуя башталганда үйдө чек арага жакын айылдардан качып келген 60тан ашык адам жашаптыр

—  Айтылуу акын Элмирбек Иманалиевди устатым деп калдыңыз. Ал кишиден эмне ала алдыңыз?

—  Устатыбыз Элмирбек Иманалиевден көп нерсе үйрөндүк. Устат шакиртине эмне үйрөтүшү керек болсо, билгенинин баарын шакирттерине берип кетти деп айта алам. Ал кишинин өткөнүнө бир жылдан ашып калды. Бирок ушу кезге чейин устатыбыз дайыма биз менен жүргөндөй эле сезиле берет. Анын айткандары бүт шакирттеринин эсинде. Бизге “өнөр менен иштегиле, өнөрдү хобби эмес, кесип кылгыла” деп айткан сөздөрү бар. Менимче, бардык шакирттери устаттын ушул сөзүн жерде калтырбай, аракетин жасап өнөрдүн артына түшүп, тынбай изденип келе жатышат. Карап отурсам, жыйырмадан ашык балага төкмөлүктүн сырларын ачып берип кетиптир. Азыр алыста болсом дагы устатыбыздай болгонго, анын адамдык сапатын алып жүрүүгө аракет кылам.

— Ал жакта жүрүп төкмө акындар менен байланышты үзгөн жоксузбу?

— Төкмө акындардын баары менен мамилем жакшы. Сүйлөшүп, кабар алышып турабыз. Кечээки Баткен окуясында баары чалып, Whatsapp аркылуу жазып “үй-бүлөң тынчпы?” деп сурап турушту. Негизи устатыбыздын эң аз сүйлөгөн жана аз суроо берген шакирти мен элем (күлүп). Кээ бир адамдар акын болсо эле көп сүйлөйт деп ойлошот. Бирок мени менен иштешип же жанымда жүрүп калгандар “абдан аз сүйлөйт экенсиң, кишини зериктирип жибердиң” деп нааразы болуп калышат. Болгон мүнөзүм ошондой.

Баткенский акын-импровизатор Эламан Келдибеков
© Фото / Жанылай Кекеева
Төкмө акын Эламан Келдибеков: комуз жагына келгенде элдин оозун ачырып күү черте ала турган комузчу эмесмин. Бирок акындыктын деңгээлинде чертем

— Акын кайда болсо да коомдун күрө тамырын сезе билет эмеспи. Россиядагы мигранттардын жашоосу сизге кандай таасир калтырды?

— Коомду, андагы көйгөйлөрдү көргөндө оозуңа куюлушуп ырларың келип турат. Россияда кыргыздар абдан көп экен. Досторума айтсам “пандемияга байланыштуу бул дагы азайып калганы, мындан да көп болчу” дейт. Кыргызстандагы кыргыздарга караганда иштеп, мамлекеттин сыртында жүргөн мекендештерде патриоттуулук сезим эки эсе күчтүүрөөк экен деп ойлоп калдым. Негизи Россияга жөнөп жатканда орус тилин үйрөнүп келейин деген да оюм болгон. Себеби тилди жакшы билчү эмесмин. Анан бул жакка келсем баары эле кыргыз. Дүкөнгө кирсең, таксиге түшсөң, ишке барсаң деле кыргыздар. Кыргызча эле сүйлөп жүрөм (күлүп). Жумушта бухгалтер орус кызы. Аны менен түшүнүшө албай күлкүлүү окуялар болду. 

118
Белгилер:
Эламан Келдибеков, окуя, Мигрант, Россия, өнөр, Баткен, төкмө акын
Тема боюнча
Комузчу Бердибекова: күүлөрүн нотага түшүргөндө Нурак агай катуу толкунданган
Сотрудник новой Патрульной службы милиции по городу Бишкек держит рацию во время презентации пилотного проект

Милиция Лебединовкада уурдалган кызды табууга элден жардам сурап жатат. Сүрөт

34
(жаңыланган 19:55 06.05.2021)
5-май күнү 23:00дө Лебединовка айылындагы супермаркеттердин биринин жанынан белгисиз адамдар 25 жаштагы кызды уурдап, Toyota Estima үлгүсүндөгү автоунаага салып кетишкен.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында Лебединовкада 25 жаштагы Изят Курбанова аттуу кызды уурдоого 24 жаштагы Мамаяров Абдумалик Абдрахманович шектелип жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББден билдиришти.

6-май күнү түнкү саат 02:00дө Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 19 жаштагы кыздын арызы келип түшкөн. Анын айтымында, 5-май күнү 23:00дө Лебединовка айылындагы супермаркеттердин биринин жанынан белгисиз адамдар 25 жаштагы эжесин уурдап, Toyota Estima үлгүсүндөгү автоунаага салып кетишкен.

Тартип сакчылары шектүүнүн ким экенин аныктап жашаган жерине барганда анын туугандары баласы кайсы жакта жүргөнүн өздөрү дагы билбей жатканын айтышкан. Ал эми кыздын туугандары кыз менен бала буга чейин сүйлөшүп жүргөнүн билдиришкен.

"Учурда Чүй ИИББ менен Аламүдүн ИИБдин эң тажрыйбалуу милиция кызматкерлери ыкчам-издөө аракеттерин жүргүзүп жатат. Шектүү менен кыздын бардык байланыштары изилденүүдө", — дешти милициядан.

Чүй облустук ИИББ 1995-жылкы Изят Курбанова менен 1997-жылкы Абдумалик Мамаяровду көргөн-билгендер болсо 0312 43 01 27, 43 88 85, 0701 26 63 01, 0312 36 35 27 номерлерине кабарлап коюуну өтүнөт.

34
Белгилер:
издөө, милиция, уурдоо, кыз, Лебединовка
Тема боюнча
Бишкекте чак түштө 17 жаштагы улан уурдалды. Кармалган шектүүлөрдүн сүрөтү