Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүАялдар кол чатыр менен жаан учурунда. Архив
Аялдар кол чатыр менен жаан учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2021
Жазылуу
21-апрелге караган түнү аба ырайы кескин өзгөрөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланары болжолдонду.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Шаршембиде күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +4…+9, Талас өрөөнүндө +3…+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +9…+14 градусту көрсөтөт.
Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Күндүн табы борбордо +7…+9, Ош шаарында +9…+14 градус болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0