Төө-Ашуу менен Ала-Белге кар түштү, жолго даярданып чыккыла. Видео

© Фото / пресс-служба МЧС КРБишкек - Ош жолундагы кар. Архив
Бишкек - Ош жолундагы кар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Жазылуу
Транспорт министрлиги автоунаа ээлеринен автотыгын жаратпаш үчүн жолдун каршы тилкесине чыгып кетпөөнү өтүндү.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Төө-Ашуу менен Ала-Бел ашууларына кар түшкөндүктөн айдоочулар жолго даярдык көрүп, анан чыгышы керектигин Транспорт жана жолдор министрлиги эскертти.
Ашуудагы аба ырайынын видеосун Sputnik Кыргызстан өзүнүн Telegram каналына жарыялады.
"Төө-Ашуу менен Ала-Бел ашууларына 10-15 сантиметр калыңдыктагы кар түшүп, учурда тиешелүү жол кызматы трассаны тазалап жатат. Айдоочуларга сапарга чыгар алдында тайгалакта пайдалануучу шаймандарды даярдап алышын жана автоунаалар ортосунда 500 метр аралыкты сактап, абайлап айдоосун эскертебиз", — деп айтылган маалыматта.
Транспорт министрлиги автоунаа ээлеринен автотыгын жаратпаш үчүн жолдун каршы тилкесине чыкпай, руль башкарып бара жаткандар зарылдык жаралса бири-бирине тилектештик көрсөтүүсү керектигин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0