COVID жуктургандарды кабыл алчу Бишкектин ооруканалары. Бош орундардын саны

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкерлер ооруканада
Медициналык кызматкерлер ооруканада - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Жазылуу
Азыркы тапта Бишкек менен Чүйдө коронавирус менен ооругандарды сегиз оорукана кабыл алып жатканы айтылды.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 жуктуруп алгандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги бош оруну бар ооруканалардын тизмесин жарыялады.
21-апрель саат 8:00гө карата берилген маалыматка ылайык, 8 ооруканада 196 бош орун бар:
  • Улуттук хирургия борбору — 3;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 12;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 13;
  • Улуттук госпиталь —32;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 85;
  • №6 шаардык клиникалык оорукана — 2;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 19;
  • Чүй облустук оорукана — 19.
Кыргызстанда COVID-19 жуктургандардын саны жалпысынан 92 626га жетип, анын ичинен 1 561 адам каза болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0