Баткенде мунайды кайра иштеткен завод ачылмакчы

© Sputnik / Егор Еремов / Медиабанкка өтүүМай иштетүүчү завод. Архив
Май иштетүүчү завод. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Жазылуу
Ишкананын кубаттуулугу жылына 50 тоннаны түзөрү жана мазут, дизель майын өндүрөрү айтылды. Алар "Кыргызнефтегаз" менен келишимге кол койгон.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Май айында Баткен обулусунун Лейлек районунда мунай затын кайра иштеткен жана 40 адамды иш менен камсыздаган завод ачылмакчы. Бул туурасында Энергетика жана өнөр жай министрлиги билдирди.
Учурда өндүрүштү ишке киргизүү боюнча даярдыктар жүрүп жатат. Аталган заводду жеке тарап, тагыраагы, ЖЧК иштет. Аталган ишкана менен "Кыргызнефтегаз" компаниясынын ортосунда аларга 10 миң тонна чийки зат берүү боюнча келишимге кол коюлду.
"Келечекте завод модернизациядан өтүп, жаңыланып, чийки затты иштеп чыгуунун көлөмү дагы көбөймөкчү. Бүгүнкү күндө ишкананын кубаттуулугу жылына 50 тоннаны түзөт. Компания мазут жана дизель майын өндүрөт", — деп айтылды.
Маалымат кызматы аталган завод ишке кирсе райондун айыл чарба тармагы мунай зат менен камсыздаларын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0