Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаев издөөгө алынбаганы белгилүү болду

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезентация пилотного проекта Патрульной службы милиции по Бишкеку
Презентация пилотного проекта Патрульной службы милиции по Бишкеку - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров буга чейин эл менен жолукканда укук коргоо органдарынын жетекчилери изделип жатканын билдирген.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен УКМКнын экс-төрагасы Орозбек Опумбаевге кылмыш иши козголуп же козголбогонун сурады.
Буга башкы прокурор Курманкул Зулушев жооп берип, жеке өзүлөрүнө карата иш козголбогонун, бирок октябрь окуясы боюнча ачылган өндүрүштүн алкагында тергелип, аларга юридикалык баа берилерин айтты.
Парламенттик шайлоо аяктагандан кийин Бишкектеги баш аламандык
 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2020
Курсан Асанов: Кашкар Жунушалиев митингде таш ыргытыла баштаганда качып кеткен
Ал эми УКМКнын Тергөө башкармалыгынын жетекчиси Сагын Самидин уулу "атайын каражаттарды колдонуу мыйзамдуулугу" боюнча бир иш козголуп, ошонун негизинде кызматтык адамдар тергелип жатканын билдирди.
Мындан улам Момбеков бир адамдын өлүмүнө, канчалаган кишинин жаракат алышына кимдир бирөө жооп бериши керектигин белгилеп, Жунушалиев менен Опумбаев учурда Москвада жүргөнүн айтты.
"Азырынча эч бир кызмат адамына айыбын угуза элекпиз. Тергөө жыйынтыкталганда маалымат беребиз. Ал адамдын өлүмүнүн себебин изилдеп жатабыз. Кулак тундуруучу гранатадан каза болдубу, ал каражат каяктан келип тийди, далилдешибиз керек", — деди Самидин уулу.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турган чагында Жунушалиев менен Опумбаев изделип жатканын билдирген.
5-6-октябрдагы элдик толкундоо маалында 1 250 киши ооруканага кайрылган. Анын 279у дарыланууга жаткырылып, бир киши каза болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0