Ош шаары. Архив

Ошто "Коопсуз шаардын" алкагында жолдорго 600дөн ашык камера орнотулат

148
(жаңыланган 15:51 21.04.2021)
Учурда уруксат кагаздары иштелип жатат. Документтер даяр болгон соң видеокамералар орнотула баштайт.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Ош шаарында "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруунун алкагында жолдун негизги кесилиштерине 600дөн ашык камера орнотуу пландалып жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Долбоорду "Шень Чжень Сайвей интеллект" ЖЧКсынын Кыргызстандагы филиалы ишке ашырат.

"Долбоор боюнча негизги жолдордун кесилиштерине 600дөн ашык камера орнотулуп, алар онлайн режиминде эреже бузууларды каттайт. Видеокамералардын жүздү таануу функциясы дагы бар", — деп айтылат маалыматта.

Учурда уруксат берүүчү документтер даярдалууда. Кагаз иштери аяктагандан кийин түркүк орнотуу жана кабель тартуу иштери башталат.

148
Белгилер:
жол эрежеси, камера, Коопсуз шаар, Ош, Кыргызстан
Тема боюнча
Токмокто "Коопсуз шаардын" камералары орнотулуп жатат. Карта
Жүк ташуучу унаалар. Архив

Милиция: Баткенде кармалган Тажикстандын 3 фурасы кыргыздардыкына алмаштырылат

404
(жаңыланган 23:12 11.05.2021)
Үч фура 7-майдан бери чек ара тилкелериндеги окуяга байланыштуу коопсуздук үчүн милиция кызматкерлеринин карамагында болгон.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Баткен облусунун кире бериш аймагынан токтотулган Тажикстандын жүк ташып бара жаткан унаалары милиция тарабынан кармалып турган. Бул тууралуу Баткен облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, үч фура 7-майдан бери чек ара тилкелериндеги окуяга байланыштуу коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлеринин карамагында болгон.

“Бүгүн, 11-майда, кармалган фураларды Баткен ОИИБдин унаа токтотуучу жайына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын коштоосунда Баткен шаарына алып келе жаткан. Кыргыз жарандарынын жети фурасы Тажикстанда кармалып турат. Эки өлкөнүн ИИМ жетекчилеринин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында жүк ташуучу унаалар алмаштырылат”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда Тажикстандын жүк ташуучу унааларын Кыргызстандын укук коргоо органдары коштоп чек арадан өткөрүүгө аракет кылган деген видео тараган.

404
Белгилер:
милиция, Тажикстан, алмашуу, фура, Баткен
Тема боюнча
УКМК Тажикстанга Баткен аркылуу бензин ташылууда деген маалыматты четке какты
Лейлекте чек ара чырында уурдалган 16 унаанын үчөө Тажикстандан кайтарылды
Кызгалдак гүлдөгөн талаа. Архив

Шаршембиге карата аба ырайы

45
12-майга караган түнү нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Шаршембиде күндүз туруксуз аба ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы төмөндөйт. Чүй, Талас облустарында +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +22…+27, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +17…+22 градусту көрсөтөт.

Күндүн табы Бишкекте +21…+23, Ош шаарында +25…+27 градус болот.

45
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Жаан жаап, күн күркүрөйт. Бир аптага карата аба ырайы