Киши лампочканы бурап чыгарып жатат. Архив

Жекшембиде Бишкектин дагы 8 көчөсүндө оңдоо иштери башталат. Тизме

59
(жаңыланган 16:32 21.04.2021)
Жол оңдоодон сырткары тротуарлар калыбына келтирилип, ирригациялык системалар оңдолору дайын болду.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. 25-апрелден тарта Бишкектин дагы сегиз көчөсүндө оңдоо иштери жүрөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Аталган иштер Кытай грантынын эсебинен "Бишкек шаарынын жолдорун өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасынын алкагында аткарылары белгиленди.

Көчөлөр оңдолуп-курулуп, эки тарабындагы тротуарлары жана ирригациялык тутуму менен кошо реконструкцияланат^

  • Кулатов көчөсү — Каракөл көчөсүнөн тарта Байтик баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Чортеков көчөсү — Жайыл баатыр көчөсүнөн тарта Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Архитекторлор көчөсү — Кыргыз көчөсүнөн Кичи Чүй каналына чейин;
  • Баба-Ата көчөсү — Бакаев көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Жолон көчөсү — Ашар көчөсүнөн тарта Алыкулов көчөсүндөгү №55 үйгө чейин;
  • Шералиев көчөсү — Жайыл баатыр көчөсүнөн тарта Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Дордой-2 конушуна кирген жол — борбордук көчө айланма жолдон тарта конуштун аягына чейин;
  • Гидростроитель көчөсү — Курманжан датка көчөсүнөн тарта Аул көчөсүнө чейинки бөлүгү.
"Урматтуу шаардыктар, унаа ээлери! Аба ырайына байланыштуу 25-апрелден тарта жогоруда айтылган участкаларда жол кыймылы маал-маалы менен чектелет. Жолдор толук жабылып, оңдоо иштеринин башталышы 1-майга пландалган", — деп айтылат билдирүүдө.

"Бишкек шаарынын көчө жолдорун өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасы эки жылга эсептелген. Бул мезгил аралыгында беш көпүрө куруу жана жалпы узундугу 70 чакырым болгон 60 көчөнү оңдоо пландалган. Бул тизмедеги көпчүлүк көчөлөр кеңейтилет же кайрадан курулат. Баарынын эки тарабындагы тротуарлар жана ирригациялык системасы кошо бүткөрүлөт.

Бул долбоорго кытайлык China Road and Bridge Corporation корпорациясы подрядчы болору айтылды.

59
Белгилер:
ирригация, реконструкция, жол оңдоо, Бишкек
Тема боюнча
Ош — Баткен — Исфана автожолу күздөн тарта оңдоло баштайт
Ошто "Коопсуз шаардын" алкагында жолдорго 600дөн ашык камера орнотулат
Арменияда парламент. Архивдик сүрөт

Арменияда парламент таратылып, кезексиз шайлоонун мөөнөтү аныкталды

4
(жаңыланган 10:28 11.05.2021)
Парламенттин таратылышына анын эки ирет чогулуп, бирок өкмөт башчыга эч кимди тандай албай коюшу себеп болду.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Армениянын президенти Армен Саркисян мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону 20-июнга белгилөө боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Sputnik Армения агенттиги жазды.

"Шайлоо 20-июнга белгиленип, жарлык расмий түрдө жарыяланган күндүн эртеси күчүнө кирсин", — деп жазылат документте.

Парламенттин таратылышына анын эки ирет чогулуп, бирок өкмөт башчыга эч кимди тандай албай коюшу себеп болду. Армениянын Баш мыйзамынын 92 жана 93-беренелерине ылайык, мындай учурда парламент өзү ишин токтотууга милдеттүү.

Эске салсак, өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян апрель айында отставкага кеткен. Бирок ал кезексиз парламенттик шайлоо өткөнгө чейин министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткара берери айтылган.

Арменияда ички саясий кризис Карабах окуясынан кийин күч алган. Оппозициялык күчтөр Пашиняндын бийликтен кетишин талап кылган. Жыйынтыгында ал мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө макул болгон.

4
Белгилер:
парламенттик шайлоо, Никол Пашинян, Армения
Тема боюнча
ЕАЭБ жарандары Россияга Армения жана Беларусь аркылуу кире алат
Армения-Азербайжан чек арасын эмне үчүн РФ чек арачылары күзөтүүдө?
Индияда COVID-19 өлгөн кишинин сөөгүн туугандары көтөрүп бара жатышат

Ганг дарыясынан коронавирустан көз жумган 30дай адамдын сөөгү табылды

23
Күбөлөрдүн айтымында, сууга ыргытылган адам сөөктөрү 100дөн көп болушу мүмкүн. Аталган окуя элди дүрбөлөңгө салып, жергиликтүү тургундар вирустун тарап кетүүсүнөн кооптонууда.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Индиянын Буксар шаарында Ганг дарыясынан коронавирустан көз жумган 30дай адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу The Times of India басылмасына таянып, РИА Новости кабарлады.

Билдирмеге ылайык, аталган аймактын администрациясы кишилердин сөөктөрү коңшу штаттан агып келиши ыктымал деп божомолдогон. Бирок жергиликтүү тургундар журналисттерге дарыянын жээгинде жашагандар кремация акысы жана өрттөө кымбат болгондуктан өлгөндөрдү сууга ыргытып жатканын билдиришкен.

Күбөлөрдүн айтымында, сууга ыргытылган адам сөөктөрү 100дөн көп болушу мүмкүн. Аталган окуя элди дүрбөлөңгө салып, жергиликтүү тургундар вирустун тарап кетүүсүнөн кооптонууда.

Бийлик сууну тазалай баштаганын билдирген. Таанылбаган сөөктөр ырым-жырымы менен кремацияланып, чыгымын штаттын өкмөтү өзүнө алган.

Белгилей кетсек, Индия коронавирус жуктургандар боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Оору илештиргендердин саны бул мамлекетте 22, 2 миллиондон ашты.

23
Белгилер:
Ганг дарыясы, коронавирус, сөөк, Индия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID-19 жуктургандар жана көз жумгандар эң жогорку чегине жетти. ДССУ билдирүүсү
Индияда коронавирус аз келгенсип дагы бир инфекция күчөп жатат
Киши портфель менен. Архив

Үч өлкөдө иштей турган элчилердин талапкерлиги жактырылды. Тизме

0
(жаңыланган 10:29 11.05.2021)
Элчи болчулар менен кошо Стамбул шаарындагы консулдун талапкерлиги да каралды. Кээ бир дипломаттарга БУУнун уюмдарына Кыргызстандын атынан өкүл болуу милдети тагылган.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кыргызстандын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана эл аралык уюмдарга бара турган талапкерлерди Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитети карап, колдоду.

Алар үч мамлекетке бара турган элчилер жана бир башкы консул эле:

  • Талант Кушчубеков Түркмөнстандагы элчиликке;
  • Таалай Базарбаев Италиядагы элчиликке, БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмуна, БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасына жана Римдеги башка эл аралык уюмдарга КРдин атынан өкүлдүккө;
  • Азамат Карагулов Кыргызстандын Кувейттеги элчилигине;
  • Лира Сыдыкова Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдук кызматына колдоо тапты.
0
Тема боюнча
Тажикстандагы элчи кыргызстандыктардын жапырт текшерилип жатканына нааразы
Бактыбек Аманбаев АКШга элчи болуп дайындалды