Канча миң абонент жетиштүү жашагандардын тизмесине кирген жок. Сандар

© Sputnik / Табылды КадырбековЛампа жана шам. Архив
Лампа жана шам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2021
Жазылуу
Кечээ, 21-апрелде, президент Садыр Жапаров калк үчүн электр кубатына үч башка тарифти сунуштады. Эң кымбаты 1,48 сом, эң арзаны 74 тыйын деп айтылды.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Канча миң абонент жетиштүү жашаган үй-бүлөлөр үчүн чектелген тарифтин алкагында төлөбөй турганын энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев айтып берди.
Ал керектөөчүлөр үчүн үч башка градация сунушталып жатканын кошумчалады.
"Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө начар турмушта 110 миң үй-бүлө жашап, мамлекеттен жөлөк пул түрүндө жардам алат. Булар тууралуу маалыматтар топтолгон. Аларды тактап жана эсепти берүү үчүн биллинг системасы менен маалыматтар базасына өзгөртүү киргизиш керек", — деди Турдубаев.
Акча жана лампочка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Жапаров айткан тариф боюнча жарык үчүн канча төлөйсүз? Калькулятор
Ал президент биринчи топтун чын эле аталган категорияга киргизгенге муктаж экендигин аныкташ үчүн кайчылаш көзөмөл жасап жана кыдырып чыгуу боюнча тапшырма бергендигин айтты.
"Экинчи топ — тоолуу райондо оор шартта жашагандар, булар боюнча маселе түшүнүктүү. Алар 187 миң абонент жана баары маалымат базасына киргизилген. Техникалык жактан бул иш жасалган", — деди министр.
Турдубаев калгандары электр кубатын өзүнүн баасында, тагыраагы, 1,48 сом менен төлөй турган категорияга кирген абоненттер экендигин кошумчалады.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров төмөнкү тарифтерди сунуштаган:
  • аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн төлөмдү 74 тыйынга чейин төмөндөтүп, турмушу начар үй-бүлөлөр үчүн чекти алып салуу;
  • жашоо шарты оор алыскы жана тоолуу аймактардын жашоочуларына электр энергиясын 1 сом 04 тыйындан сатуу;
  • жашоо шарты жакшы үй-бүлөлөргө чектөөлөрдү алып салуу менен 1 сом 48 тыйындан сатуу;
  • суунун тартыштыгына байланыштуу колунда бар үй-бүлөлөргө кышкы мезгилде электр энергиясын пайдалануу 1000 кВт сааттан ашса, 2 сом 29 тыйындан эсептөө.
Жаңылыктар түрмөгү
0