Кыргызстандын аймактарына кар түштү. Видео жана сүрөттөр

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүКар. Архив
Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2021
Жазылуу
Синоптиктер 23-апрелге караган түнү Чүйдүн дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Ысык-Көл облустарында үшүк жүрөрүн эскертишет.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстандын аймактарына кар жаады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунда кар Түп, Жети-Өгүз райондоруна, ошондой эле Каракол шаарына түштү.
Ал эми Нарын облусунун Ак-Талаа, Кочкор райондоруна жана Нарын шаарына кыш кайтып келгендей эле болду.
Талас облусунун дыйканчылык аймактарына толугу менен кар жааса, Чүйдө Кемин жана Чүй райондоруна да суук түштү. Бишкектин тегерегиндеги тоого жакын аймактарга дагы кар жаады.
Республиканын түштүк аймагы боюнча айта турган болсок, тоолуу райондорго гана кар жааганы айтылды.
"Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында кардын калыңдыгы 7-8 сантиметрге жетти. Ушундай эле калыңдыктагы кар Нарын облусу менен Долон ашуусунда жатат. Чүйдөгү Ала-Арча капчыгайына 15 сантиметрлик, Төө-Ашууга 14,9 сантиметрге жеткен кар түштү", — деп айтылат билдирүүдө.
© Фото / Алия РашоваТаластагы кар
Апрельский снегопад в Таласе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Таластагы кар
Синоптиктер 23-апрелге караган түнү Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Ысык-Көл облустарында тоо этектеринде үшүк жүрөрүн эскертишет. Ал гүлдөп калган бак-дарактар жана жерге отургузулган көчөттөр үчүн кооптуу болушу мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0