Бүгүн Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы алып келинет

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүДоставка вакцины Sputnik V на склад в грузовой терминал "Москва Карго"
Доставка вакцины Sputnik V на склад в грузовой терминал Москва Карго - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2021
Жазылуу
Бүгүнкү партиянын бир дозасы мамлекетке 10 доллардан айланды. Министр вакцина элге бекер сайыларын айтты.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстанга бүгүн россиялык "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозалык биринчи партиясы алып келинет. Бул тууралуу Sputnik агенттигине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Кыргызстан жалпы жонунан бул препараттын бир миллион дозасын заказ кылган, анын 500 миңи гуманитардык жардам катары берилет.
Министрдин айтымында, бүгүнкү партиянын бир дозасы мамлекетке 10 доллардан айланды. Вакцина Бишкектеги "Манас" аэропортуна жеткирилет. 20 миң доза 10 миң адамга жетери айтылды.
"Учак бир рейсте 20 миң дозалык көлөмдөгү партияны гана жеткире алат. Препаратты "Аэрофлот" алып келет", — деди Бейшеналиев.
Саламаттык сактоо министри журналисттерди вакцина алууга чакыра кетти. Белгилей кетсек, 29-марттан тарта Кыргызстанда Кытайдан келген Sinopharm вакцинасы менен эмдөө башталган. Расмий маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө 13 552 адам эмделди. Алардын 178и экинчи компонентин алышты.
Жаңылыктар түрмөгү
0