Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт. Даректери

© Sputnik / Мурад Оруджев / Медиабанкка өтүүАзык-түлүк жарманкеси. Архив
Азык-түлүк жарманкеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2021
Жазылуу
Жарманкени өкмөт жана Айыл чарба министрлиги жума сайын уюштурууда. Бул аптада шаардыктар үч жерден соода кыла алышат.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Дем алыш күндөрү Бишкекте айыл чарба продукцияларынын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Эртең мененки саат 10:00дөн тарта ата мекендик өндүрүшчүлөр продукцияларын элге сунушташат.
Шаардыктар үч жерде уюштурулган жарманкеге бара алышат:
  • Раззаков көчөсүнүн Токтогул жана Киев көчөлөрү менен кесилишкен бөлүгүндө;
  • 12-кичи райондогу Нуркамал Жетикашкаева менен Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишкен жеринде;
  • Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.
Мэрия шаардыктарды санитардык нормаларды, аралыкты сактоо керектигин эске салды.
Жаңылыктар түрмөгү
0