Бишкекте 15 мектеп карантинге жабылды. Канча баладан COVID чыкты

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүМектептеги класс карантин учурунда. Архив
Мектептеги класс карантин учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2021
Жазылуу
Акыркы эки күндө коронавирус менен тогуз окуучу жана беш мугалим ооруп калды. Карантинге жабылган мектептерде окуу аралыктан уланууда.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Борбор калаада 15 мектеп карантинге жабылып, дагы 14үндө 11-класстын окуучулары аралыктан окууга өттү. Бул туурасында Бишкектин Билим берүү башкармалыгынын билим берүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Акматова билдирди.
Эки жумалык карантин учурунда окуу аралыктан уланууда.
Доставка вакцины Sputnik V на склад в грузовой терминал Москва Карго - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2021
Бүгүн Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы алып келинет
Акматованын айтымында, 21-апрелге карата 45 окуучудан коронавирус табылса, алардын бири пневмония менен ооруп калган. Мугалимдер арасынан COVID боюнча 24 учур катталса, алардын алтоо пневмонияга чалдыкканы айтылды.
Акматова 20-апрелден тарта мектеп окуучулары арасынан коронавирус жуктургандар 9га, ал эми мугалимдер бешке көбөйгөнүн маалымдады.
Башкармалыктын өкүлү 4-чейректен тарта 1, 2, 3, 4, 5, 9 жана 11-класстар мектептепке барып окуса, калгандары (6,7,8 жана 10-класстар) аралыктан билим алып жаткандыгын билдирди.
Алгоритм боюнча мектепке бара турган 1 607 окуучу ата-энелердин арызынан улам үйдөн окуп жатышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0