Жеңиш күнүнө арналган республикалык көк бөрү мелдеши Таласта өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКөк бөрү мелдеши. Архив
Көк бөрү мелдеши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2021
Жазылуу
2-май күнү чүчү кулак тартылып, оюндар 3-майда башталат. Мелдеш Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Улуттук көк бөрү федерациясы тарабынан уюшулууда.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Улуу Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеш Талас облусунда өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук көк бөрү федерациясы билдирди. 
2-май күнү чүчү кулак тартылып, мелдеш 3-майда башталат.
"Улуу Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык турнир 3-майдан 9-майга чейин Талас облусунун Райкан Алканов атындагы ат майданында өтөт. Командалардын катышуу боюнча арыздары 30-апрель күнү саат 17:30га чейин кабыл алынат", — деп айтылат маалыматта.
Мелдеш Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Улуттук көк бөрү федерациясы тарабынан уюшулууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0