Балага жыныстык жашоо тууралуу кантип туура түшүндүрүү керек. Адистин кеңеши

© Фото / Pexels / cottonbroКиши менен аял сүйлөшүп отурат. Архив
Киши менен аял сүйлөшүп отурат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2021
Жазылуу
Ата-эне үчүн негизги эреже — паникага алдырып же бала менен сүйлөшүүдөн уялбашы керек. Эгер даяр эмес болсо, бир аз даярданып алганы туура.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Бала менен канча жашынан тарта сексуалдык жашоо тууралуу сүйлөшүп, канткенде анын төшөк маселеси тууралуу суроосуна так жооп берсе болот. Бул жөнүндө РИА Новости агенттигине Россиянын Сексология боюнча илимий коомчулугунун мүчөсү, психолог Татьяна Селезнева айтып берди.
Адистин пикиринде, бала менен бул темада 12-14 жаштан өткөндө сүйлөшсө болот.
"Бирок балдар андан кичине кезинде деле бала кантип жаралат деген сыяктуу суроолорду берип калышы ыктымал. Бул учурда ата-эне үчүн негизги эреже — паникага алдырып же бала менен сүйлөшүүдөн уялбашы керек. Эгер даяр эмес болсо, бир аз даярданып алганы туура", — деди адис.
Психологдун айтымында, мындай учурда ата-эненин негизги катасы — баланы урушуп, уяткаруу.
Айым баштайт коомдук уюмунун долбоорлорунун биринин координатору Махабат Жакеева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
Радио
Жакеева: аял канчалык акылдуу, күчтүү болсо, балдары да ошондой болот
"Бул нерсе баланын психологиясына өмүр бою так калтырып коюшу мүмкүн. Кийин ал өмүрлүк жары менен дагы сексуалдык жашоосу, каалоосу тууралуу ачык сүйлөшө албай, чүнчүп жашап өтөт. Азыр балдар үчүн сексуалдык жетилүү жөнүндө өтө жөнөкөй жана кызыктуу сүрөттөрү менен китептер көп. Эч болбосо ошолордон сатып берип коюуга болот", — деди Селезнева.
Мындан тышкары, адис баланын психологиясына доо кетирбөө үчүн сексуалдык жашоо тууралуу кеп кылып жатканда сүйүүгө басым жасап, көп мисалдарды романтикалык темаларга байлап айтып берүү туура экенин эскертти.
Жаңылыктар түрмөгү
0