Негиздеме талап кылынбайт! Жалпы жарандык паспорт берүүгө чектөө алынды

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖалпы жарандык паспорт. Архив
Жалпы жарандык паспорт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2021
Жазылуу
Буга чейин чет өлкөгө чыгууга жол ачкан паспорттун тартыштыгынан улам өтө муктаж адамдарга гана негиздеме менен берилип жаткан.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстанда жалпы жарандык паспортторду берүүгө киргизилген чектөөлөр алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.
Аталган ведомство чектөөлөр коррупциялык тобокелчиликтердин жана түшүнбөстүктөрдүн алдын алуу үчүн алынганын белгиледи.
"Паспорт алууга документтер бардык Калкты тейлөө борборлорунда, аймактык паспорт бөлүмдөрүндө жана Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелеринде кабыл алынат", — деп айтылат маалыматта.
Премьер-министр Улукбек Марипов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2021
Марипов: паспорт көйгөйү чечилди, 3-майдан тарта документтер кабыл алынат
Белгилей кетсек, кыргызстандыктар жалпы жарандык паспорт ала албай үч айдан бери убара тартууда. Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү электрондук биометрикалык паспортторду берүүгө камынган. Бирок алар өз убагында даяр болгон эмес. Ал эми эски үлгүдөгү жалпы жарандык паспортторду чыгарууну токтотуп коюшкан. Мунун кесепетинен чет өлкөгө чыгуучу паспорттун тартыштыгы жаралып, аталган документ өтө муктаж адамдарга гана негиздеме менен берилип жаткан.
Ал арада Sputnik Кыргызстан агенттиги жарандарды тушап койгон паспорт кризиси эмнеден келип чыкканын иликтеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0