Манас аэропорту. 1978 жыл

Керосин жер алдындагы түтүк менен келчү. "Манас" аэропорту кантип курулган

494
(жаңыланган 20:27 23.04.2021)
Мындан туура 47 жыл мурун Фрунзе шаарынын четинде "Манас" эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесинин курулушу аяктап, аба майдан алгачкы учактарды кабыл ала баштаган.

Курулушка кезинде жүздөгөн техника, жумушчулар тартылып, миллиондогон рубль акча жумшалган. Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөнүн негизги авиациялык жайы кандай кыйынчылыктар менен курулуп, ири долбоор кантип ишке ашканына кызыгып көрдү.

Фрунзе шаарына жаңы аэропорт керек!

Кыргыз ССРинин борборуна жаңы аэропорт куруу демилгеси 1969-жылы көтөрүлүп, жергиликтүү бийлик Москвага каржылык колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Анткени Фрунзе шаарынын Тынчтык (азыркы Чыңгыз Айтматов) проспектисине жакын жайгашкан аба майдандын жүргүнчүлөрү көбөйүп, коопсуздук маселеси дагы тынчсыздануу жараткан. Аталган аэропорт аркылуу каттаган адамдардын саны бир жылда 550 миңге чукулдап калган эле. Ошондой эле учуп-конуу тилкесинин айланасына турак жайлар жакын болгондуктан учкучтар көбүнчө ал үйлөрдүн үстүнөн 40-50 метр бийиктикте эле өтүшчү. Андан сырткары, ал жерде Абадан коргонуу күчтөрүнүн аскердик тик учактары, аэродрому да болуп бир катар кооптуу тобокелчиликтерди пайда кылган.

Обновленное здание аэропорта Манас. 1980 год
© Фото / пресс-служба агентства гражданской авиации КР
Мындан туура 47 жыл мурун Фрунзе шаарынын четинде "Манас" эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесинин курулушу аяктаган

Бирок СССРдин Жарандык авиация министрлиги, Мамлекеттик пландык комитети кыргыз бийлигине төмөндөгүдөй жооп берген:

"Алдын ала эсептөөлөр боюнча жаңы аэропортту салууга 46-50 миллион рубль жумшалат. Аталган курулушту шаардын четине чыгаруу 80-жылдарга гана пландалган".

Ага карабай кыргыз бийлигинин башында турган Турдакун Усубалиев өжөрлөнүп СССРдин жетекчиси Леонид Брежнев, Алексей Косыгинге чейин барып, аларды макул кылат. Жыйынтыгында СССРдин Министрлер кеңешинин төрагасы Фрунзедеги жаңы аэропорттун курулушун 1972-жылы баштоо боюнча токтом кабыл алган.

Турдакун Усубалиев на открытии аэропорта Манас
© Фото / пресс-служба агентства гражданской авиации КР
Курулушка кезинде жүздөгөн техника, жумушчулар тартылып, миллиондогон рубль акча жумшалган

Долбоорлоо, алгачкы даярдыктар

Ошентип жаңы аэропорттук комплексти толугу менен долбоорлоо милдети СССРдин Жарандык авиация министрлигинин алдындагы Бүткүл союздук "Аэропроект" илимий-изилдөө институтуна жүктөлүп, адистер Москвадан бери келген. Ири курулушту каржылоонун негизги бөлүгүн борбордук бийлик бөлгөн. 800 гектар жер бөлүнүп, 600дөй жумушчуларга ылайыкталган чакан кыштак, 1000 тонна цемент бата турган кампа даярдалып, кум-шагыл даярдоочу орнотмо, ээн талаага жол салынып коммуникация тартылган.

Авиарейс Москва-Фрунзе был открыт в 1975 году
© Фото / предоставлено Международным аэропортом "Манас"
Аэропорт аркылуу каттаган адамдардын саны бир жылда 550 миңге чукулдап калган эле

Жүздөгөн куруучу, техника...

Курулуш 1973-жылы башталган. Ошол учурду Кыргызстан Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиев мындайча жазган:

"Башында киришкенде иштөө шарттары аябай оор болчу. Куруучулар кагыраган жерди бир метрден четинен багындырган. Жайкысын күндүн ысыгы 40 градуска чейин жогорулаганда көпчүлүк жумуштар кеч киргенде жасалчу", — деп жазган мамлекеттик ишмер.

Күн сайын жумушка 150-200дөй жүк ташуучу унаа чыгып, алар жалпы 2,8 миллион куб метр топурак-ташты ташып, түздөп, жалпы 3400 тонна арматураны пайдаланып 240 миң куб метрден ашык темир бетон жумшалган. Жыйынтыгында узуну 4200 метр, туурасы 60 метр жана калыңдыгы 40 сантиметр болгон учуп-конуу тилкесин, учактар ары-бери жүрчү жана токтоочу жайды адистер 5,5 айда аяктаган.

Ошондой эле жаңы аэропорт менен Фрунзе шаарын байланыштырган 30 чакырым узундуктагы автомагистраль салынып, ал жактагы автовокзал колдонууга берилип, жолду бойлой көчөт тигилген. Аба майдан 1974-жылы Кыргыз ССРинин 50 жылдык мааракесине карата ачылып, жаңы аэропортко биринчилерден болуп СССР Министрлер Кеңешинин төрагасы Алексей Косыгин конгон.

Стюардесса обслуживает пассажиров во время перелета с аэропорта Манас в Стамбул. 1994 год
© Фото / предоставлено Международным аэропортом "Манас"
Учуп-конуу тилкесинин айланасына турак жайлар жакын болгондуктан учкучтар көбүнчө ал үйлөрдүн үстүнөн 40-50 метр бийиктикте эле өтүшчү

Жер алдынан аккан авиациялык керосин

Андан соң аэровокзал жана кошумча объектилердин курулушу башталып, беш чакырымдан ашык суу түтүктөрү, 40 чакырымдай электр чубалгылары тартылып, жүздөгөн куруучу комплекстин ичи-тышын жасаган. Эң кызыгы, темир жолдон аэропортко чейин 30 чакырым узундуктагы авиакеросин түтүгү жер алды менен алып келинген. Ал аркылуу авиациялык жайдагы учактар өз убагында күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздалып турган. Эгер андай түтүктөр жаткырылбаганда күн сайын ондогон унаа борбордон аэропортту көздөй каттамак. Тилекке каршы, кийин ал объектилер каралбай, ушу тапта иштетилбей жер алдында чирип жатат.

Летчики на международном аэропорту Манас
© Фото / предоставлено Международным аэропортом "Манас"
Жаңы аэропорттук комплексти толугу менен долбоорлоо милдети СССРдин Жарандык авиация министрлигинин алдындагы Бүткүл союздук "Аэропроект" илимий-изилдөө институтуна жүктөлүп, адистер Москвадан бери келген

Каржылоо, калып калган иштер

80-жылдардын соңуна чейин "Манас" аэропортунун курулушуна жалпы 80 миллион рублдей акча кеткен. Анын төрттөн бир бөлүгүн кыргыз бийлиги чыгарса, калганы бүткүл союздук казынадан келген. Аба майдан заманбап техника менен жабдылып, авиациялык жай түрдүү типтеги учактарды кыйынчылыксыз кабыл алып калган.

СССРдин эмгек сиңирген учкучу Ишембай Абдраимов. Архив
© Фото / предоставлено Кыргызским авиационным институтом имени Ишембая Абдраимова
Бирок ишке ашпай калган пландар дагы болгон. Мисалы, республиканын эң негизги аба майданынын жанына 200 адамга ылайыкталган мейманкана салынмак. Ал имараттар Кыргызстан көз карандысыз болгондон кийин дагы курулган эмес.

Ата мекендик авиациянын ардагер учкучу Кубанычбек Козубековдун союз тарагандан кийин Кыргызстанда авиация тармагы кантип кыйраганын айтып берди.

"Союз маалында борборлоштурулган башкаруу болчу, учактын тетиктери, техниканы оңдоо, күйүүчү-майлоочу материалдар, автоунаалар өз убагында келчү. Ал кездеги авиация менен азыркыны салыштырууга болбой калды. Мисалы, Кыргызстан жаңы эгемендүүлүк алганда "Манас" аэропортунда ТУ-154 учагынан 13, ТУ-134төн төртөө жана Ми-8 деген тик учактан ондон ашыгы бар эле. 90-жылдары алар оңдолбой, каралбай токтоп тура берип, ата мекендик авиация кыйрады. Мамлекет башындагылар аэропорттун карамагындагы объектилерди ич ара бөлүшүп алышты да, салык төлөбөй иштеп миллиондорду таап жүрүшкөн", — деди Козубеков.

Здание международного аэропорта Манас. 1981 год
© Фото / предоставлено Международным аэропортом "Манас"
Ири курулушту каржылоонун негизги бөлүгүн борбордук бийлик бөлгөн. 800 гектар жер бөлүнүп, 600дөй жумушчуларга ылайыкталган чакан кыштак, 1000 тонна цемент бата турган кампа даярдалып, кум-шагыл даярдоочу орнотмо, ээн талаага жол салынып коммуникация тартылган

Азыркы "Манас" аэропорту

Учурда республиканын негизги аэропорту жыл сайын миллиондогон жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүп, КМШ, Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө 30дай түрдүү каттам аткарып, 20га чукул эл аралык авиакомпания менен кызматташып келет.

Материал көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев, ардагер учкучтардын эскерүүлөрүнүн жана ачык булактагы маалыматтардын негизинде жасалды.

494
Белгилер:
факты, курулуш, "Манас" эл аралык аэропорту, Кыргызстан
Тема боюнча
Эргеш Алиев — милиционерлердин "атасы". Легендарлуу генерал тууралуу 9 факты
Айтматов "Манас" деп ат койгон аэропортко 44 жыл толду. Архивдик ирмемдер
Медицинский работник готовит новый тест на COVID-19 в форме леденца на палочке перед тестированием дошкольников в детском саду в Вене (Австрия). 28 апреля 2021 года

Бир суткада коронавирус 254 кишиден табылып, 5 бейтап көз жумду

0
(жаңыланган 10:57 10.05.2021)
Кечээтен бери жети медиктен коронавирус аныкталган. Анын бирөө ооруну "кызыл зонадан" жуктуруп алганы айтылды.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 254 бейтаптан аныкталып, 257си айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Жуктургандар:

Бишкек – 195;

Ош шаары - 3;

Ош облусу -1;

Чүй облусу – 25;

Нарын облусу - 4;

Ысык-Көл облусу – 17;

Жалал-Абад облусу – 9.

Ушуну менен оору илештиргендердин жалпы саны 98 654кө жетти.

Айыккандар:

Бишкек – 187;

Ош шаары - 7;

Ош облусу -3;

Чүй облусу – 42;

Нарын облусу - 1;

Ысык-Көл облусу – 7;

Жалал-Абад облусу – 4;

Талас облусу - 6.

Жалпысынан 91 816 бейтап ооруну жеңген.

Тилекке каршы, өткөн суткада коронавирус беш адамдын өмүрүн алды. Анын ичинен үчөө Бишкекте, экөө Чүйдө көз жумган. Жалпы жонунан 1 660 киши коронавирустун курмандыгы болду.

Кечээтен бери жети медиктен коронавирус табылган. Анын бирөө ооруну "кызыл зонадан" жуктуруп алганы айтылды.

0
Бишкектеги Айт Намаздагы кишилер. Архив

Айт намаздын Бишкекте окулушу боюнча мэрия пикирин билдирди

9
(жаңыланган 10:56 10.05.2021)
Учурда эпидемиологиялык абал учурда кыйын болуп турат, андыктан жума намазды да мечиттерде чогулуп окууга тыюу салуу сунушу бар.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Бишкектин мэриясы борбор калаадагы эпидемиологиялык кырдаалдан улам айт намаздын Эски аянтта окулушун чектөөнү сунуштады. Бул туурасында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Анын айтымына караганда, эпидемиологиялык абал учурда кыйын болуп турат, андыктан жума намазды да мечиттерде чогулуп окууга тыюу салуу сунушу бар. Рыскулбекова жалпысынан эле эл көп санда чогулган иш-чараларга абал турукташмайын чектөө коюу керектигин билдирди. Акыркы статистиканы эске салсак, Бишкекте 195 адамдан коронавирус чыкты.

Буга чейин муфтият Орозо айт 13-майга туш келерин айтып, адаттагыдай айт намаздын Эски аянттан окулар-окулбасын так билдирген эмес.

9
Белгилер:
коронавирус, мэрия, Айт намаз, Бишкек
Тема:
Орозо-2021
Тема боюнча
Бишкек шаарындагы мечиттерде жума намазы менен дааватка чектөө коюлду