АУЦАнын президенти Эндрю Качинс суракка чакырылды

© Фото / пресс-служба АУЦААУЦАнын президенти Эндрю Качинс. Архив
АУЦАнын президенти Эндрю Качинс. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2021
Жазылуу
Ички иштер министрлиги окуу жайдын жетекчиси каттоого алынган кылмыш ишинин алкагында суракка чакырылганын айтты.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Борбор Азиядагы Америкалык университеттин (БААУ — АУЦА) президенти Эндрю Качинс ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Окуу жайдын жетекчиси каттоого алынган кылмыш ишинин алкагында чакырылганы айтылат.
Министрлик сотко чейинки өндүрүш боюнча маалымат Жазык-процессуалдык кодексинин 160-беренесине ылайык ачыкка чыгарылбай турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0