Бала менен апасы. Иллюстративдик сүрөт

Балдарымдын оорусуна чыдабай күйөөм таштап кетти. Күйүттүү эненин каты

1062
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бул жолу эки оорукчан баласынын кайгысынан бели майышып кыйналган келин кат жазган.

...Эне үчүн баланын ден соолугунан өткөн байлык жок экен. Балдарым оорубай, эл катары ойноп-күлүп жүрсө эмне деп ойлоном. Башка бардык кыйынчылыкты көтөрөр элем, бирок балдардын оорусун кабылдоо кыйын экен. Уулдарымдын абалын карап, келечегин ойлоп, ушул сыноону көтөрө албай майышып баратам.

Өзүм 36 жаштамын. Улуу балам 10до, кичүүсү алты жашта. Эки балам тең тубаса неврологиялык жактан жабыркайт. Жолдошум балдардын оорусун билгенде, тагыраагы, экинчи балам төрөлгөндөн кийин эле таштап кеткен. Жарытылуу туугандарым да жок. Өзүм бир кичинекей бөлмөдө батирде турам. Балдарды чоңоюп кете электе дарылатуу керек эле, бирок ага да көп акча керек. Экөөнүн жанында дайыма бир киши болушу шарт. Ошол себептен да иштей албайм. Азыр эмне кылышымды билбей калдым. Ушуларды карап отуруп эле соолуп бараткандаймын. Кээде таң аткыча уктабай чыгам. Ойго батып отуруп, таңдын атканын да байкабай калам. Жадагалса эмне ичип, эмне жеп жатканымды да аңдабай калган учурум көп. Аябай стресстемин. Бирок ушунун баарына чекит коюуну максат кылдым, белди бекем бууп саздан суурулгум келет. Өзүмдү колго алышым зарыл. Анткени мен бир нерсе болсом, балдарымды ким карайт? Бирок кантип жана эмнеден баштоо керектигин билбейм. Психологиялык колдоого да абдан муктаж болсом керек...

Психолог Айгүл Ысыкеева:

— Мен өзүм Бишкектеги "Биринчи балдар хосписинде" иштейм. Мындай окуяларды көп көрдүм. Оорукчан балдар төрөлгөн үй-бүлөлөрдө көбүнчө аталар жоопкерчиликтен качып, кыйынчылыктан коркуп үй-бүлөсүн таштап кетишет. Акыры оор жүктүн баары апалардын мойнунда калат, баарын көтөрүүгө мажбур болот. Натыйжада энелер эмоционалдык жактан да аябай чарчашат. Себеби ооруган баланы багуу оңой эмес. Ал балдарга көңүл бөлүп, чүрпөсүнүн өнүгүүсүн колго алышы керек. Муну менен бирге үй оокатын жасап, акча таап келүү жагы да аялдын мойнунда. Эгер жакындары, туугандары тараптан да колдоо болуп, көйгөйдү кошо көтөрүшүп кете турган болсо, анда аялга жеңилирээк болмок. Бирок мындай көрүнүштөр, тилекке каршы, өтө аз. Мындай жашоо сөзсүз түрдө апаларды депрессияга кептейт. Стресске кабылган адамдын алы кетип, эч нерсеге кызыкпай, жактырбай, көңүлү чөгүп, баласын эмес өзүн да карай албай калат. Ой жүгүртүүсү да начарлап, учурдан чыгуу жолдорун да таба албай кыйналат.

Бул келинге айтарым, туугандарга, коомчулукка, ар кандай уюмдарга кайрылып жардам издеш керек. Кол куушуруп отурууга болбойт. Биздин "Биринчи балдар хосписинде" социалдык, медициналык жана адамдын жеке өзүнө жардам берилет. Медициналык жардам көрсөтүүдө бир гана дарылоо иши эмес, алгач ушундай балдарга кантип туура кам көрүү керек деген маселе жатат.

Балдардын документтерин алып, бизге кайрылып психологиялык жардам да алсаңыз болмок. Анткени алгач өзүңүз психологдон кеңеш алып, анан уулдарыңызга жардам беришиңиз керек. Балдардын ден соолугун эле карай бербестен, аларды коомго аралаштыруу жагы да маанилүү.

1062
Белгилер:
бала, оору, үй-бүлө, ден соолук, келин, психолог
Тема:
Психолог менен баарлашуу (147)
Тема боюнча
Атам кыздарды жерий берип эркектер менен сүйлөшө албай калдым. Кыздын каты
Жолдошумдун мыңкылдаган көржемелиги жанга батты. Келиндин каты
Кофе даярдоо. Архивдик сүрөт

Ачкарын эмнелерди ичпеш керек. Адистин кеңеши

25
Ашказан, ичеги оорулары менен жапа чекпегендер деле эртең менен ширеден, газдалган суудан, ичимдиктен алыс болушу шарт.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Бардык адамдарга бир гана суюктукту ачкарын ичүүгө болот, ал эми калгандарына абайлап мамиле кылуу керек. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, врач-диетолог Михаил Гинзбург Sputnik радиосуна айтып берген. 

Адис ири алдыда адамдын ашказанына көңүл буруу зарылдыгын айтты.

"Ачкарын сууну гана ичсе болот. Эгерде ашказан оорубаса, көк чайды сүт менен, ал тургай сүт кошулган кофени да ичсе зыяны жок. Кефир, айран ашыктык кылбайт", — деген Гинзбург.

Ал кычкыл азык ооруган ашказанга келип түшсө, ансыз да жабыркап турган былжыр челге барып тийип, оорута баштаарын айткан. Эгерде тамактан кийин болсо, кычкыл заттар зыянын ачкарын учурдагыдай тийгизе албастыгын кошумчалаган.

Ашказан, ичеги оорулары менен жапа чекпегендер деле ачкарын ширеден, газдалган суудан, компоттон, таттуу чай, ичимдиктен алыс болушу шарт. Анын айтымына караганда, адам ачка кезинде ичкен тамактар тез сиңет. Эгерде ал таттуу суусундук болсо кандын курамындагы кантты көтөрүп жиберет.

"Азыркы ширелер, ага кошумча өтө таттуулары ашказанды оорутат. Азыр жашылчадан жасалса да ага кант кошуп жүрүшөт. Андыктан шире эгерде ачкарын иче турган болсок биз ойлогондой өтө пайдалуу деле эмес. Эмнеге коңгуроо кагып жатабыз. Себеби ашказанда эч нерсе жок болгондуктан, ал ичегиге дароо эле "жетип барат" да, тез тарайт. Андыктан кант кошулган чай, компоттон эртең менен алыс болгон дурус. Ичимдиктен да күндүн бул маалында баш тарткан жакшы. Себеби мындай учурда тез сиңет да кандагы кант дароо көтөрүлүп, зат алмашуу бузулат", — деген доктор.

Адистер буга чейин эртең менен өтө кылдат болууну, тамак-аш эле эмес, башка нерселерде да абайлаш керектигин айтышкан. Адам ойгонору менен ыкчам дене тарбия көнүгүүлөрүн жасабашы керек. Мындайда дене кургап, ткандар жакшы чоюлбай калат. Адис спорт менен туура эмес машыкканда омуртканы кокустатып алуу толук ыктымал экенин эскерткен.

25
Белгилер:
диетолог, ашказан, тамак-аш, көнүгүү, ден соолук
Тема боюнча
Немец диетологдору ачкарын жегенге болбой турган азыктарды атады
Бишкектин борбордук “Ала-Тоо” аянтына Жеңиштин 76 жылдыгына карата илинген баннер

Мэрия Жеңиштин 76 жылдыгына карата илинген чуулуу баннерди алмаштырды

146
(жаңыланган 23:11 10.05.2021)
Кайрадан илинген баннерде мурдагы фашисттин сүрөтүн мэрия эми Бурятиядан чыккан снайперге алмаштырган.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Бишкектин борбордук “Ала-Тоо” аянтына Жеңиштин 76 жылдыгына карата илинген баннерге согуш жылдарындагы фашисттик Германиянын аскеринин сүрөтү илинип, бул социалдык тармакта чоң талкууну жаратты. Мэрия аны алып, кайрадан жаңысын илүүгө аргасыз болду.

Артиллеристы готовятся к боям на Орловской и Курской дугах. Орловско-Курская дуга. Июль 1943 год. Репродукция
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР
Элдин нааразылыгын жараткан “Илбирс” имаратынын бетиндеги майрамдык бир нече баннердин биринде фашисттик Германиянын аскеринин жана туткунга түшкөн азия тектүү жоокердин сүрөтү бадырайып турган.

Мэриянын маалымат кызматы мурдагы билдирүүсүндө мындай катага ким күнөөлүү экенин издеп жаткандыгын, ал өз жазасын аларын билдирген.

Жаңы илинген баннердеги мурдагы фашисттин сүрөтүн мэрия эми Бурятиядан чыккан Радна Аюшеев аттуу снайперге алмаштырган. Анын ким экендигин социалдык тармактын колдонуучулары өздөрүнүн постторуна жазышкан.

Чуулуу баннер туурасында мэрия Facebook тармагындагы баракчасына төмөнкүчө билдирүү калтырды.

“Ала-Тоо” аянтындагы баннер боюнча бүгүн социалдык тармакка баннерлердин бирине нааразы болгон пикирлер чыккан. Анда жалпы жасалгада биздин ата-бабалардын Жеңишке алып келген оор жана трагедиялуу жолун кийинки муундарга айтып берүү идеясы камтылган. А биздин милдет бул улуу эрдикти, Мекенди коргоодо жоокерлердин тарткан кыйынчылыктары менен жоготуулар болгондугун эсибизге сактоо эмеспи. Алардын каармандыгын, күчтүү патриоттуулугун жана майтарылбас эркин тарых катары карап, урмат менен мамиле кылабыз. Биз тарыхыбызды эстейбиз жана аны менен сыймыктанабыз”, — деп жазылган анда.

Ал эми кеп болуп жаткан Радна Будаевич Аюшеев (1922—1944) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Түндүк флоттун аскерлеринин снайпери экени айтылат. Аюшев Бурят Республикасынан болгон. Анын 1944-жылдын октябрь айындагы салгылаштагы эсебинде 25 душман болгон. Маалыматтарда снайпердин 1944-жылы дайынсыз жок болгондугу айтылат.

146
Белгилер:
жоокер, баннер, Жеңиш күнү, Бишкек
Тема боюнча
Кинотеатрларга маңдайындагы жарнамалык баннерлерди алуу талабы коюлду
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадион. Архив

Бишкекте 22-23-майда жеңил атлетика боюнча фестиваль өтөт

0
Мелдешке республиканын 14 жаштан ашкан мектеп окуучулары, студенттер, спорттук мектептердин, клубдардын тарбиялануучулары катышат.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча фестивалы өтөт. Бул тууралуу аталган спорттун федерациясы билдирди.

Мелдешке республиканын 14 жаштан ашкан мектеп окуучулары, студенттер, спорттук мектептердин, клубдардын тарбиялануучулары катышат.

Аларга эки түрдөгү программа жана эстафетага катышууга уруксат берилет.

Мелдеш Дүйнөлүк атлетиканын эл аралык эрежелери менен өтөт. Эстафеталык жарышта команда жок болгон же катышуучу үчтөн кем болуп калган учурда мелдеш өткөрүлбөйт.

0
Белгилер:
мелдеш, фестиваль, Бишкек, жеңил атлетика, спорт
Тема боюнча
Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Азия чемпионатына даярданууда