Ашыкча салмактуу адам. Архив

Дарыгер адамдын курсагындагы май ден соолукка өтө кооптуу экенин айтты

260
"Дарыгерден суроо" рубрикасынын алкагында телекөрүүчүлөр түрдүү версияларды айтышкан. Бирок бири дагы туура жооп берген эмес.

БИШКЕК, 25-апр. – Sputnik. Дарыгер жана теле алып баруучу Александр Мясников "Россия 1" телеканалынын эфиринде адамдын денесинин кайсы бөлүгүнө топтолгон ашыкча май ден соолукка коркунуч алып келерин айтып берди.

РИА Новостиге жарыяланган маалыматка караганда, "Дарыгерден суроо" рубрикасынын алкагында телекөрүүчү сөз жүрөктү каптаган май тууралуу болуп жатканын болжогон. Бирок медик ал жаңылышарын айтты.

"Эң кооптуусу – бул курсакка топтолгон май. Эгер адамдын курсагы сыртка чыкпай, бир текши май болсо, анда анча зыян эмес. Эң коркунучтуу сценарий – адамдын курсагынын салаңдап сыртка чыгып калышы. Мындайда адам кант диабети сыяктуу илдеттерге кабылышы мүмкүн", - деди Мясников.

Мясников буга чейин узак өмүр сүрүүнү шарттаган азыктарды атаган.

260
Белгилер:
ден соолук, май, семирүү, Александр Мясников, Россия
Тема боюнча
Орто курактагылар жан дүйнөнүн кризисинен кантип чыкса болот. Кеңеш
Кайсы курактан тарта арыктоого болбойт. Адистин сунушу
Айыл жергеси. Архив

Жума күнгө карата аба ырайы

48
14-майга караган түнү республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда аба ырайынын бузулушунан улам сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Жума күнү Кыргызстандын бир катар аймактарында күндүн ысыгы 29 градуска жетсе, кээ бир жерлеринде жамгыр жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +24…+29, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +15…+20 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +23…+25, Ош шаарында +27…+29 градусту көрсөтөт.

48
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Чаткалда алтын казган компания экологиялык зыяны үчүн 103 млн. сомдук доого жыгылды
Автотыгын. Архив

Автоунаалардын аягы көрүнбөйт. Бишкекке тоо тараптан келе жаткандардын видеосу

137
(жаңыланган 21:17 13.05.2021)
Окуянын күбөлөрү бүгүн шаар четине эс алганы чыккандар көп экенин, кайтканда бир нече чакырымга созулган жол тыгын болгонун айтышты.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бишкекке тоо тараптан эс алып келе жаткандар узун автотыгынды жаратты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын күбөсү билдирип, видеосун жиберди.

Кадрдан автоунаалар бир топ чакырымга тизилип, айрымдары эки-үч катар болуп токтоп калганын көрүүгө болот. Кишилердин сыртка чыгып алганы да байкалат.

Жол тыгын Ала-Арча жана Аламүдүн капчыгайларындагы жолдо болгон. Кырдаалды Кайгуул милициясынын кызматкерлери жөнгө салган. Жол кырсыгы байкалган эмес.

Видеону тарткан адам бүгүн шаар четине эс алганы чыккандар абдан көп болгонун айтты.

137
Белгилер:
видео, унаа, тыгын, жол, Чоң-Арык айылы, Байтик айылы
Тема боюнча
Бишкектеги автотыгынды азайтуу үчүн асма көпүрөлөр курулат
 Чүйдүн Сокулук районундагы чарба жана курулушка керектүү материалдарды саткан дүкөндөн өрт чыкты

Сокулуктагы дүкөндүн өрттөнгөн видеосу

93
(жаңыланган 22:51 13.05.2021)
Тилсиз жоо менен күрөшүүгө ӨКМден эки бөлүм жана өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын бир штабы тартылды. Ал саат 20:43тө чектөөгө алынды.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Чүйдүн Сокулук районундагы чарба жана курулушка керектүү материалдарды саткан дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Дүкөн Новопавловка айылынын Киров көчөсүндө жайгашкан. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө саат 19:54тө эки бөлүм, ал эми саат 20:14тө өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын штабы тартылган.

Өрт саат 20:43тө чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүгөн.

Ал эми саат 21:56да толугу менен өчүрүлдү.

93
Белгилер:
видео, дүкөн, өрт, Новопавловка
Тема боюнча
Алайда үй өрттөнүп, 56 жаштагы киши каза болду. Сүрөттөр