Уйкусу канбай калган аял. Архивдик сүрөт

Күндүз улам эстей берүү кооптуу оорунун белгиси. Неврологдун кеңеши

283
(жаңыланган 10:20 26.04.2021)
Адис көп эстей берген адам кайсы учурда медиктерге кайрылып дарылана башташы керектигин айтып берди.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Оозду ачып эстөө кооптуу оорудан кабар берерин Sputnik радиосуна невролог, психоневролог, медицина илимдеринин кандидаты Ольга Голубинская айтып берди.

Эстөө — бул мээни ойготууга мүмкүнчүлүк берген рефлектордук процесс. Бирок улам эле эстей берүү адам катуу чарчагандыгынан жана айрым оорулардан кабар берет.

"Жумуш убактысынын, кайсы бир режимдин өзгөрүшү, биологиялык ритмдин бузулушу эстөөнү чакырат. Уйку жакшы канбаса кайталана берет. Бирок жүрөк ооруларында, невроз жана депрессияга байланыштуу психикалык жактан жабыркаган адамдар да көп эстейт", — деди Голубинская.

Ал кайсы учурда дарыгерге кайрылып дарылана баштоо керектигин да айта кетти.

"Адатта адам күндүз чанда эстейт. Эгер 10 жолу катары менен эстесеңиз, уйкуңуз тууралуу ойлонушуңуз керек. Эгер буга кошумча алсыздык, эс тутумдун начарлашы, ойдун чачкын болушу, көңүл түшүү, баш оору, кан басымдын төмөндөшү байкалса, тынсыздануу керек. Сизге дарыгер гана жардам бере алат", — деди невролог.

Ал кошумчалагандай, эстөө көбүнчө вегетативдик белгилердин натыйжасы болуп саналат.

283
Белгилер:
оору, дарыгер
Тема боюнча
Бул окуя мурда болгон сыяктуу... Психолог дежавюнун себебин чечмеледи
Психолог кучакташып туруу канчалык маанилүү экенин айтты
Жүк ташуучу унаалар. Архив

Милиция: Баткенде кармалган Тажикстандын 3 фурасы кыргыздардыкына алмаштырылат

377
(жаңыланган 23:12 11.05.2021)
Үч фура 7-майдан бери чек ара тилкелериндеги окуяга байланыштуу коопсуздук үчүн милиция кызматкерлеринин карамагында болгон.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Баткен облусунун кире бериш аймагынан токтотулган Тажикстандын жүк ташып бара жаткан унаалары милиция тарабынан кармалып турган. Бул тууралуу Баткен облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, үч фура 7-майдан бери чек ара тилкелериндеги окуяга байланыштуу коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлеринин карамагында болгон.

“Бүгүн, 11-майда, кармалган фураларды Баткен ОИИБдин унаа токтотуучу жайына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын коштоосунда Баткен шаарына алып келе жаткан. Кыргыз жарандарынын жети фурасы Тажикстанда кармалып турат. Эки өлкөнүн ИИМ жетекчилеринин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында жүк ташуучу унаалар алмаштырылат”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда Тажикстандын жүк ташуучу унааларын Кыргызстандын укук коргоо органдары коштоп чек арадан өткөрүүгө аракет кылган деген видео тараган.

377
Белгилер:
милиция, Тажикстан, алмашуу, фура, Баткен
Тема боюнча
УКМК Тажикстанга Баткен аркылуу бензин ташылууда деген маалыматты четке какты
Лейлекте чек ара чырында уурдалган 16 унаанын үчөө Тажикстандан кайтарылды
Кызгалдак гүлдөгөн талаа. Архив

Шаршембиге карата аба ырайы

42
12-майга караган түнү нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Шаршембиде күндүз туруксуз аба ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы төмөндөйт. Чүй, Талас облустарында +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +22…+27, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +17…+22 градусту көрсөтөт.

Күндүн табы Бишкекте +21…+23, Ош шаарында +25…+27 градус болот.

42
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Жаан жаап, күн күркүрөйт. Бир аптага карата аба ырайы