Оорукана. Архив

COVID жуктургандарды дарылайт. Бишкектин ооруканаларындагы бош орундар

46
(жаңыланган 10:36 26.04.2021)
Коронавирус жуктургандарды дарылоо үчүн дагы бир оорукананын бөлүмүндө 100 кошумча орун даярдалган.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 менен ооруп жаткандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги бош орду бар ооруканалардын тизмесин жарыялады.

26-апрель саат 8:00гө карата берилген маалыматка ылайык, 9 ооруканада 193 орун бош.

  • Улуттук хирургия борбору — 3;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 13;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 10;
  • Улуттук госпиталь — 20;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 15;
  • №6 шаардык клиникалык оорукана — 8;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 14;
  • Чүй облустук оорукана — 10.

Улуттук госпиталь. Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары бөлүмү — 100.

Өткөн суткада Кыргызстанда 199 кишиден коронавирус аныкталып, эки бейтап көз жумду.

46
Белгилер:
бош орундар, оорукана, дарт, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2701)
Тема боюнча
Эки адам каза таап, 199 киши COVID жуктуруп алды. Статистика
Кош мутант. Кыргызстанда табылган COVID штаммдарына мүнөздөмө
Ооруп аткан киши. Архивдик сүрөт

Канда холестерин көп экенин кантип билсе болот? Белгилери

26
Муундардын оорушу, дем алуунун кыйындашы, чарчоо да канда холестериндин көп болуп кеткенинен кабар берет.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Британиялык British Heart Foundation уюмунун адистери канда жаман холестериндердин ашыкча көбөйүп кетиши инсультка кептээрин эскертишкен. Бул тууралуу РИА Новости Express басылмасына таянып кабарлады.

Окумуштуулардын материалында жазылгандай, канда холестерин көбөйгөндө мээнин кан айлануусу жайлап, ал тургай токтоп калат. Мындан улам адам инсульт болот. "Кан тамыр түтүк сыяктуу, холестерин көп болгон учурда ал түтүктү жаап салып, жыйынтыгында кычкылтек, азыктандыруучу заттар жүрөккө жетпей калат. Мунун кесепетинен аталган орган приступ болот", — деп айтылат маалыматта.

Медиктердин айтымында, канда холестерин көбөйүп кеткенде көкүрөк тушу, буту-колдун учтары ооруй баштайт. Мындан сырткары, адамдын аң-сезими ар нерсени чаташтыра баштайт. Мунун себеби мээге кан жетпей калгандыгында. Муундардын оорушу, дем алуунун кыйындашы, чарчоо да канда холестерин ашыкча экенинен кабар берет.

Буга чейин адис, дарыгерлер канда холестеринди кумшекер, майлуу, куурулган, камыр тамактар көбөйтө турганын айтышкан.

26
Белгилер:
жүрөк, оору, инсульт, холестерин, медик
Тема боюнча
Кыска убакытта арыктоо эмнеси менен кооптуу. Диетолог Дүйшөнкулованын маеги
Мектеп мугалими. Архивдик сүрөт

Мугалимдердин эмгек акысын эсептөө автоматташтырылды. Артыкчылыгы

43
Жаңы система эмгек акыны кол менен эсептөөнү токтотуп, процессти жеңилдетет. Ошондой эле маянага каралган каражаттын максаттуу жумшалышын камсыздайт.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. "Педагогдордун эмгек акысын автоматтык түрдө эсептөө" системасы ишке кирди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, жаңы система эмгек акыны кол менен эсептөөнү токтотуп, процессти жеңилдетет. Маянага каралган каражаттын максаттуу жумшалышын камсыздап, финансылык тартип бузуунун төмөндөшүнө шарт түзөт. Ошондой эле негизсиз маяна алган учурларды ачыкка чыгарууга жана бухгалтердик эсепти так жүргүзүүгө жол ачат. Мындан тышкары, текшерүү органдары айткан кемчиликтер жоюлуп, ар бир мугалим эмгегине жараша айлык акы ала турганы айтылды.

Бул система 2019-жылдын ноябрь айынан баштап Ысык-Ата, Түп райондорунун жана Жалал-Абад шаарынын билим берүү башкармалыктарында пилоттук негизде апробациядан өткөнү кошумчаланды.

43
Белгилер:
акы, эсептөө, система, эмгек, мугалим
Тема боюнча
Бишкекте канча окуучу жана мугалимден коронавирус аныкталганы айтылды
Новиков мугалимдерге: көйгөйдү ачык айткыла, кодулагандар иштен алынат