Карантинге жабылган мектеп. Архив

Бишкекте COVID-19га байланыштуу жабылган 14 мектептин тизмеси

293
(жаңыланган 13:33 26.04.2021)
Мэриядан белгилешкендей, мектептерди карантинге жабуу же окууну улантуу чечимин Санэпидкөзөмөл борбору чыгарат.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Учурда Бишкекте 14 мектеп жабык. Буга окуучулардан коронавирус табылганы себеп болгонун мэриядан билдиришти.

Муниципалитеттен төртүнчү чейректен тарта 1, 2, 3, 4, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары мектептерден, калганы аралыктан билим алып жатканын эскертишти. Ал эми мектепке барышы керек болгон 1 607 окуучу ата-энесинин арызынын негизинде үйдөн окуп жатышат.

COVID илдети табылганына байланыштуу № 11, 12, 17, 24, 26, 35, 61, 62, 63, 64, 65, 67, 70, 88 мектептер кайра онлайн-форматка өтүшкөн.

№12 жана 112 бала бакчалар дагы карантинге жабылган.

293
Белгилер:
окуу, билим, мектеп, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2710)
Тема боюнча
Мобилдик бригадалар көбөйөт. Новиковдун COVID менен күрөшүү боюнча тапшырмасы
Индияда COVID-19дан өлгөндөрдүн сөөгүн өрттөп жетишпей жатышат
Жүргүнчүлөр жамгыр учурунда. Архив

Ишембиге карата аба ырайы

11
15-майга караган түнү температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу суунун деңгээли кескин көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Ишембиде күндүз республика аймагында жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +19…+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +22…+27, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +13…+18 градус болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүн табы борбордо +22…+24, Ош шаарында +25…+27 градусту көрсөтөт.

11
Белгилер:
Кыргызстан, май, аба ырайы
Тема боюнча
Жакында "Супер Ай" толугу менен тутулат. Кубулушту кимдер көрө алат
Медициналык кызматкер лабораторияда

Германия коронавирустун Кыргызстандагы штаммдарын аныктаган реагенттерди берди

23
(жаңыланган 19:40 14.05.2021)
Коронавирустун штаммдарынан сырткары, Кыргызстандын лабораторияларына 50 миң ПЦР-тест тапшырылганы белгиленди.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Германия коронавирустун Кыргызстандагы штаммдарын аныктоо үчүн реагенттерди алып берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 14-майда, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсен, Германия менен Россиянын эл аралык адистери менен жолуккан.

"Үстүбүздөгү жылдын 10-майында Кыргызстанга германиялык бир нече окуу жайлардын медицина өкүлдөрү келишкен. Адистер Кыргызстандын лабораторияларынын кызматкерлерин штаммдарды аныктоого окутуп жатышат. Эми жардам катары берилген реагенттер Кыргызстандын аймагында коронавирустун штаммдарын аныктоого жардам берет", — деп айтылат маалыматта.

Жабдыктан сырткары, лабораторияга 50 миң ПЦР-тест тапшырылган. Министр Алымкадыр Бейшеналиев Германиянын элчиси менен эл аралык адистерге Кыргызстандын саламаттык сактоо системасына көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирди.

23
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2710)
Тема боюнча
Өткөн суткада 200 кишиден коронавирус табылып, 6 бейтап көз жумду
ТИМ Түркияга бара турчуларга сактык полисин алууну эскертти. Артыкчылыгы
Мурдагы каржы министри Адылбек Касымалиев. Архив

Мурдагы каржы министри президенттин администрация жетекчисинин орун басары болду

0
(жаңыланган 21:48 14.05.2021)
Адылбек Касымалиев 2015-жылы каржы министри болуп дайындалып, ден соолугуна байланыштуу 2018-жылы иштен кеткен.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Адылбек Касымалиев мамлекет башчынын администрация жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Аталган жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Белгилей кетсек, Касымалиев 2015-жылы каржы министри болуп дайындалып, иштен 2018-жылы кеткен. 

0
Белгилер:
жарлык, кызмат, министр, Адылбек Касымалиев
Тема боюнча
БШК Рысалиевди мандатынан ажыратты. Анын ордуна ким келди?
Жапаровдун жаңы администрациясы түзүлдү. Ким жетектеди?