Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКыз фонтандын жанында өтүп жатат. Архив
Кыз фонтандын жанында өтүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2021
Жазылуу
Шейшембиге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. 27-мартта күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25...+30, Талас аймагында +25...+27, Ысык-Көлдө +15...+20 жана Нарын жергесинде +17...+22 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаабыз Бишкекте жана Ош шаарында +28...+30 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0