Кыргызстанга гуманитардык жардам катары берилген вакцина ташыганга авторефрижераторлор

Вакцина ташуу үчүн Кыргызстанга 8 автоунаа берилди. Сүрөт

194
(жаңыланган 18:05 26.04.2021)
Жети автоунаа облустардагы ооруларды алдын алуу борборлоруна, ал эми бирөө Улуттук иммунопрофилактика борборуна бөлүштүрүлөт.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Кыргызстанга гуманитардык жардам катары вакцина ташыганга сегиз авторефрижератор берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

  • Церемония передачи в виде гуманитарной помощи восьми авторефрижераторов для транспортировки вакцины
    Кыргызстанга гуманитардык жардам катары вакцина ташыганга сегиз авторефрижератор берилди
    © Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения и социального развития
  • Церемония передачи в виде гуманитарной помощи восьми авторефрижераторов для транспортировки вакцины
    Транспорт каражаттарын Вакцина жана иммунизация боюнча глобалдык альянс (ГАВИ) алып келип берген
    © Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения и социального развития
  • Церемония передачи в виде гуманитарной помощи восьми авторефрижераторов для транспортировки вакцины
    Автоунаалар альянстан ЮНИСЕФтин камсыздоо бөлүмү аркылуу сатып алынган
    © Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения и социального развития
1 / 3
© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения и социального развития
Кыргызстанга гуманитардык жардам катары вакцина ташыганга сегиз авторефрижератор берилди

Транспорт каражаттарын Вакцина жана иммунизация боюнча глобалдык альянс (ГАВИ) алып келип берген. Автоунаалар альянстан ЮНИСЕФтин камсыздоо бөлүмү аркылуу сатып алынган.

Жети автоунаа облустардагы ооруларды алдын алуу борборлоруна жана бирөө Улуттук иммунопрофилактика борборуна бөлүштүрүлөт.

ГАВИ 2001-жылдан бери кыргыз өкмөтүнө колдоо көрсөтүп келет.

194
Белгилер:
вакцина, унаа, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2707)
Тема боюнча
Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасы кантип жеткирилди. Видео
Бишкекте COVID-19га байланыштуу жабылган 14 мектептин тизмеси
Мобилдик бригадалар көбөйөт. Новиковдун COVID менен күрөшүү боюнча тапшырмасы
Айыл жергеси. Архив

Жума күнгө карата аба ырайы

47
14-майга караган түнү республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда аба ырайынын бузулушунан улам сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Жума күнү Кыргызстандын бир катар аймактарында күндүн ысыгы 29 градуска жетсе, кээ бир жерлеринде жамгыр жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +24…+29, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +15…+20 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +23…+25, Ош шаарында +27…+29 градусту көрсөтөт.

47
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Чаткалда алтын казган компания экологиялык зыяны үчүн 103 млн. сомдук доого жыгылды
Автотыгын. Архив

Автоунаалардын аягы көрүнбөйт. Бишкекке тоо тараптан келе жаткандардын видеосу

134
(жаңыланган 21:17 13.05.2021)
Окуянын күбөлөрү бүгүн шаар четине эс алганы чыккандар көп экенин, кайтканда бир нече чакырымга созулган жол тыгын болгонун айтышты.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бишкекке тоо тараптан эс алып келе жаткандар узун автотыгынды жаратты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын күбөсү билдирип, видеосун жиберди.

Кадрдан автоунаалар бир топ чакырымга тизилип, айрымдары эки-үч катар болуп токтоп калганын көрүүгө болот. Кишилердин сыртка чыгып алганы да байкалат.

Жол тыгын Ала-Арча жана Аламүдүн капчыгайларындагы жолдо болгон. Кырдаалды Кайгуул милициясынын кызматкерлери жөнгө салган. Жол кырсыгы байкалган эмес.

Видеону тарткан адам бүгүн шаар четине эс алганы чыккандар абдан көп болгонун айтты.

134
Белгилер:
видео, унаа, тыгын, жол, Чоң-Арык айылы, Байтик айылы
Тема боюнча
Бишкектеги автотыгынды азайтуу үчүн асма көпүрөлөр курулат
 Чүйдүн Сокулук районундагы чарба жана курулушка керектүү материалдарды саткан дүкөндөн өрт чыкты

Сокулуктагы дүкөндүн өрттөнгөн видеосу

90
(жаңыланган 22:51 13.05.2021)
Тилсиз жоо менен күрөшүүгө ӨКМден эки бөлүм жана өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын бир штабы тартылды. Ал саат 20:43тө чектөөгө алынды.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Чүйдүн Сокулук районундагы чарба жана курулушка керектүү материалдарды саткан дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Дүкөн Новопавловка айылынын Киров көчөсүндө жайгашкан. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө саат 19:54тө эки бөлүм, ал эми саат 20:14тө өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын штабы тартылган.

Өрт саат 20:43тө чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүгөн.

Ал эми саат 21:56да толугу менен өчүрүлдү.

90
Белгилер:
видео, дүкөн, өрт, Новопавловка
Тема боюнча
Алайда үй өрттөнүп, 56 жаштагы киши каза болду. Сүрөттөр