Pfizer-BioNTech от COVID-19 вакцинасы менен шприц кармап турган медайым. Архив

Европага кайсы вакциналарды алган туристтер кире алат? Тизме

218
(жаңыланган 22:31 26.04.2021)
ЕБге мүчө болгон 27 мамлекеттин баары Дары каражаттары боюнча европалык агенттик уруксат берген гана вакцина менен эмделген туристтерди киргизмей болууда.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Евробиримдиктин аймагына ЕБ өзү уруксат берген гана вакцинаны алган туристтер кире алат. Бул тууралуу Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен New York Times басылмасына берген маегинде айтты.

Ал коронавируска каршы эмдөө алган америкалык туристтер жайында Европа биримдигине кире аларын билдирген.

"Менин түшүнгөнүмө караганда, америкалыктар Дары каражаттары боюнча европалык агенттик (EMA — ред.) жактырган вакциналарды колдонуп жатышат", — деген фон дер Ляйен.

Еврокомиссиянын башчысы алар айткан вакциналарды сайдыргандар Европа биримдигинин аймагында кеңири жүрө аларын белгилеген.

"ЕБге мүчө болгон 27 мамлекеттин баары Дары каражаттары боюнча европалык агенттик уруксат берген гана вакцина менен эмделген туристтерди ашыкча сөзү жок киргизиши керек", — деген ал.

РИА Новости Евробиримдиктин рыногунда коронавируска каршы төрт препарат: Pfizer/BioNTech (600 миллион дозага чейин алынат), Moderna (460 миллион дозага чейинки эки келишим бар), AstraZeneca (400 миллион дозага чейин) жана Johnson&Johnson (400 миллион дозага чейин алынат жана дагы 200 миллион доза алуу боюнча сүйлөшүү бар) авторлоштуруп, жактырылганын жазган.

Ал эми "Спутник V" 4-марттан тарта Дары каражаттары боюнча европалык агенттиктин экспертизалык процедурасынан өтүп жатат. Бул уюм европалык рынокко колдонуу үчүн киргизиле турган вакциналарга уруксат берүү боюнча иш алып барат. Буга чейин ЕМА "Спутник V" вакцинасына баа берүү тездетилген мөөнөттө өтөрүнө ишеним арткан, бирок анын датасы азырынча айтыла элек. ЖМКлардын маалыматына караганда, кандайдыр бир маселелер чыгып кетпесе, аны май айында жактырышы мүмкүн.

Кыргызстанда кандай вакциналар бар?

Кыргызстанга кытай өндүрүшүнөн чыккан Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы келген. Андан көп өтпөй эле Россия 20 миң доза "Спутник V" берди. Бул препараттар менен биринчи иретте 65 жаштан өйдөкүлөр, өнөкөт оорусу барлар эмделмекчи.

Россиядан жалпысынан миллион доза вакцина алуу туурасында сөз болгон. Анын жарымы (500 миңи) гуманитардык жардам иретинде берилери айтылган.

218
Белгилер:
вакцина, турист, Евробиримдик
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1394)
Тема боюнча
Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасы кантип жеткирилди. Видео
"COVID жок саякаттайм" тиркемесин колдонгон кыргызстандыктар 5 миңден ашты
Индияда COVID-19дан өлгөндөрдүн сөөгүн өрттөп жетишпей жатышат
Унаа жолу. Архив

Кыргызстан менен Өзбекстан транспорттук байланышын күчөтөт

17
(жаңыланган 10:52 18.05.2021)
Эки өлкөнүн делегациялары транспорттук байланышын бекемдөө үчүн Ош — Сары-Таш — Эркечтам коридорун бойлой изилдөө иштерин жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстан Кашгар — Эркечтам — Ош — Анжиян — Ташкент аркылуу өткөн мультимодалдык транспорт коридорун рационалдуу пайдалануу жолун издей баштады. Бул үчүн коңшу өлкөнүн транспорт министри Ильхом Махкамов менен анын кыргызстандык кесиптеши Гүлмира Абдралиева жолугуп сүйлөшкөнүн Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Учурда эки өлкөнүн делегациялары Кыргызстан менен Өзбекстандын транспорттук байланышын бекемдөө үчүн Ош — Сары-Таш — Эркечтам коридорун бойлой изилдөө иштерин жүргүзүп жатат. Мунун алкагында адистер "Эркечтам" өткөрүү пунктунун ишмердүүлүгүн көрүп чыкты. Мындан тышкары, алар Чыйырчык, Талдык, Тоң-Мурун ашууларына барышты.

Белгилей кетсек, бир нече жылдан бери пландалып, бирок ишке ашпай жаткан Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу дагы дал ушул Кашкар — Эркечтам — Ош — Анжиян — Ташкент багыты боюнча өтөт.

17
Белгилер:
жол, транспорт, Өзбекстан, Кыргызстан
Тема боюнча
23 жыл мурдагы демилге. Өзбекстан быйыл Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүгө аракет кылат
Баткен облусундагы Ак-Сай айылы. Архив

Чек арадагы Аксай менен Ворух айылдарына милициянын посттору коюлду

23
(жаңыланган 10:27 18.05.2021)
Эртең мененки жетиден тартып автоунаалар Ходжаи-Аъло — Ворух жана Ак-Сай — Тамдык багыты боюнча жүрүп жатканы айтылды.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Баткендин Аксай жана Тажикстандын Ворух айылдарынын чек араларына эки тараптан тең милициянын посттору коюлду. Бул тууралуу УКМКга караган Чек ара кызматы кабарлады.

Бүгүн эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрү жолугуп, буга чейинки макулдашуулардын аткарылышын талкуулашты.

Маалыматка ылайык, саат 07:30дан баштап автоунаалар Ходжаи-Аъло — Ворух жана Ак-Сай — Тамдык багыты боюнча жүрүп атат. Мындан сырткары, тараптар саат 08:00дөн баштап кыргыз-тажик чек арасында биргелешкен күзөттөрдү уюштурууда.

Кечээ, 17-майда, укук коргоо органдары Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылында транзиттик жолдон өтүүнүн эрежелерин бузгандыгы үчүн үч тажикстандыкты кармаган. Териштирүүдө алардын бири Тажикстандын УКМКсынын кызматкери, экинчиси Чек ара күчтөрүнүн аскер кызматкери экендиги аныкталган. Ошол эле учурда Баткендин Ворух анклавы аркылуу Ак-Сай айылына бара жаткан кыргызстандык үч кишини коңшу өлкөнүн 30-40 адамдан турган тобу кармап, сабап салган. Эки тараптын тиешелүү жактарынын сүйлөшүүсү менен кармалгандар бошотулуп, абал турукташкан.

23
Белгилер:
пост, милиция, чек ара, Баткен, Кыргызстан, Тажикстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Кыргыз-тажик чек арасында эки тарап тең кишилерди барымтага алып, кайра бошотту
Кыргыз-тажик чек арасында чырды ким баштаганын космостон тартылган сүрөт көрсөтөт
Токтогул районунда ун ташып бара жаткан автоунаадан өрт чыкканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады

Токтогулда Volvo унаасы өрттөнүп, чиркегичиндеги ун жарабай калды. Сүрөт

0
(жаңыланган 11:01 18.05.2021)
Оор жүк ташуучу унаанын чиркегичинин каркасы эле калган, жерде өрттөнгөндөн калган ун чачылып жатканын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Токтогул районунда ун ташып бара жаткан автоунаадан өрт чыкканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

  • На месте пожара в большегрузной машине на 219-м км автодороги Бишкек — Ош
    Токтогул районунда ун ташып бара жаткан автоунаадан өрт чыкканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады
    © Фото / пресс-служба МЧС
  • На месте пожара в большегрузной машине на 219-м км автодороги Бишкек — Ош
    Volvo оор жүк ташуучу унаанын чиркегичи толугу менен күйүп, жүктөп келе жаткан уну жарабай калган.
    © Фото / пресс-служба МЧС
1 / 2
© Фото / пресс-служба МЧС
Токтогул районунда ун ташып бара жаткан автоунаадан өрт чыкканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады

Окуя Бишкек — Ош унаа жолунун 219-чакырымында болгон. Анда Volvo оор жүк ташуучу унаанын чиркегичи толугу менен күйүп, жүктөп келе жаткан уну жарабай калган.

ӨКМ тараткан сүрөттөн чиркегичтин каркасы эле калганын, жерде өрттөнгөндөн калган ун чачылып жатканын көрүүгө болот.

Өрттүн себеби такталууда.

0
Белгилер:
ун, өрт, жол, унаа, Токтогул, ӨКМ
Тема боюнча
Кабинанын темири эле калган. Сузакта май ташыган автоунаа өрттөндү. Видео