Өзүнүн денесин караган аял. Архивдик сүрөт

Организмдин чаалыкканын кантип билсе болот? Белгилер

608
Диетологдун айтымында, кээде адам организмдин кыйналып жатканын өзү байкабай жүрө бериши мүмкүн.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Айрым учурда организм алдан тайып, "болбой" калганын сезбей эле күнүмдүк оокат менен алпурушуп жүрө беришибиз мүмкүн. Улуу британиялык диетолог Кларисса Ленхерр организмдин чаалыкканын кайсы белгилерден улам билсе болорун санап берди. Бул тууралуу Express журналына шилтеме берип "Известия" жазды.

Адам өзүнөн кайсы белгилерди издеши керек:

  • себепсиз тынчсыздана берүү;
  • айланадагылардан оолактап, көңүлкош мамиле кылуу;
  • узак уйкудан кийин дагы чарчоонун кетпей калышы;
  • адамдын жакшы ойлоно албай, көңүлүн бир нерсеге токтото албай калышы;
  • тез эле толуп же арыктап кетүү;
  • теринин кургап, өңдөн азып кетиши.

Ленхеррдин айтымында, йоддун тартыштыгы, калкан безинин илдеттери же иммундук системанын начар иштеши организмди алсыратат. Чарчап-чаалыгуу өнөкөткө айланат. Айрым учурда адам организмдин кыйналып жатканын өзү байкабай жүрө бериши мүмкүн.

608
Тема боюнча
Организмди жаш бойдон сактаган 10 азык. Тизме
Дарыгер адамдын курсагындагы май ден соолукка өтө кооптуу экенин айтты
Жүргүнчүлөр жамгыр учурунда. Архив

Ишембиге карата аба ырайы

17
15-майга караган түнү температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу суунун деңгээли кескин көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Ишембиде күндүз республика аймагында жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +19…+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +22…+27, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +13…+18 градус болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүн табы борбордо +22…+24, Ош шаарында +25…+27 градусту көрсөтөт.

17
Белгилер:
Кыргызстан, май, аба ырайы
Тема боюнча
Жакында "Супер Ай" толугу менен тутулат. Кубулушту кимдер көрө алат
Медициналык кызматкер лабораторияда

Германия коронавирустун Кыргызстандагы штаммдарын аныктаган реагенттерди берди

24
(жаңыланган 19:40 14.05.2021)
Коронавирустун штаммдарынан сырткары, Кыргызстандын лабораторияларына 50 миң ПЦР-тест тапшырылганы белгиленди.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Германия коронавирустун Кыргызстандагы штаммдарын аныктоо үчүн реагенттерди алып берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 14-майда, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсен, Германия менен Россиянын эл аралык адистери менен жолуккан.

"Үстүбүздөгү жылдын 10-майында Кыргызстанга германиялык бир нече окуу жайлардын медицина өкүлдөрү келишкен. Адистер Кыргызстандын лабораторияларынын кызматкерлерин штаммдарды аныктоого окутуп жатышат. Эми жардам катары берилген реагенттер Кыргызстандын аймагында коронавирустун штаммдарын аныктоого жардам берет", — деп айтылат маалыматта.

Жабдыктан сырткары, лабораторияга 50 миң ПЦР-тест тапшырылган. Министр Алымкадыр Бейшеналиев Германиянын элчиси менен эл аралык адистерге Кыргызстандын саламаттык сактоо системасына көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирди.

24
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Өткөн суткада 200 кишиден коронавирус табылып, 6 бейтап көз жумду
ТИМ Түркияга бара турчуларга сактык полисин алууну эскертти. Артыкчылыгы
Мурдагы каржы министри Адылбек Касымалиев. Архив

Мурдагы каржы министри президенттин администрация жетекчисинин орун басары болду

0
(жаңыланган 21:48 14.05.2021)
Адылбек Касымалиев 2015-жылы каржы министри болуп дайындалып, ден соолугуна байланыштуу 2018-жылы иштен кеткен.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Адылбек Касымалиев мамлекет башчынын администрация жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Аталган жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Белгилей кетсек, Касымалиев 2015-жылы каржы министри болуп дайындалып, иштен 2018-жылы кеткен. 

0
Белгилер:
жарлык, кызмат, министр, Адылбек Касымалиев
Тема боюнча
БШК Рысалиевди мандатынан ажыратты. Анын ордуна ким келди?
Жапаровдун жаңы администрациясы түзүлдү. Ким жетектеди?