Медициналык беткапчан аял жашылчаларды тандам жатат. Архив

40тан ашкан аялдар кандай тамактанышы шарт? Керектүү азыктардын тизмеси

189
Адам 40тан ашкандан кийин катаал диетага отурбашы керек. Анткени бул учурда метаболизм жайлап, гормоналдык фон өзгөрөт.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. 40 жаштан ашканда адамдын организминде кээ бир физиологиялык процесстер алмашып, ал салмактын өзгөрүүсүнө таасир этиши ыктымал. Мындан улам диетолог Елена Кален бул курактагыларга керектүү азыктардын тизмесин түзүп бергенин РИА Новости жазды.

Адистин айтымында, адам 40тан ашкандан кийин катаал диетага отурбашы керек. Анткени бул учурда метаболизм жайлап, гормоналдык фон өзгөрөт. Мындан улам диетолог 40тын кырындагы жана андан өйдөлөп калган аялдарга тамакты түрлөп жегенди сунуштаган. Алар тамактануу рационуна жашылча-жемиш, балыкты кошуп, сууну көп ичиши шарт.

Кален жаш өткөн сайын аялдын организминде эстроген түшө турганын да кошумчалаган. Анын ордун толтуруп туруу үчүн алма, өрүк, анар, деңиз азыктары, балык, төө буурчак, буурчак, сельдерей чөбүн, баклажанды көп колдонуу керек.

Гормоналдык фонду калыбында кармоо үчүн адис сулу, кара буудай, күрөң күрүч, арпа акшактарын да сунуштап, тамактын көлөмү менен сапатына өзгөчө маани берүү керектигин белгилеген.

189
Белгилер:
организм, аял, жаш курак, азык, диетолог
Тема боюнча
Диетолог сулу боткосунун ден соолукка зыян жагын айтты
Жүргүнчүлөр жамгыр учурунда. Архив

Ишембиге карата аба ырайы

11
15-майга караган түнү температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу суунун деңгээли кескин көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Ишембиде күндүз республика аймагында жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +19…+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +22…+27, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +13…+18 градус болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүн табы борбордо +22…+24, Ош шаарында +25…+27 градусту көрсөтөт.

11
Белгилер:
Кыргызстан, май, аба ырайы
Тема боюнча
Жакында "Супер Ай" толугу менен тутулат. Кубулушту кимдер көрө алат
Медициналык кызматкер лабораторияда

Германия коронавирустун Кыргызстандагы штаммдарын аныктаган реагенттерди берди

23
(жаңыланган 19:40 14.05.2021)
Коронавирустун штаммдарынан сырткары, Кыргызстандын лабораторияларына 50 миң ПЦР-тест тапшырылганы белгиленди.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Германия коронавирустун Кыргызстандагы штаммдарын аныктоо үчүн реагенттерди алып берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 14-майда, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсен, Германия менен Россиянын эл аралык адистери менен жолуккан.

"Үстүбүздөгү жылдын 10-майында Кыргызстанга германиялык бир нече окуу жайлардын медицина өкүлдөрү келишкен. Адистер Кыргызстандын лабораторияларынын кызматкерлерин штаммдарды аныктоого окутуп жатышат. Эми жардам катары берилген реагенттер Кыргызстандын аймагында коронавирустун штаммдарын аныктоого жардам берет", — деп айтылат маалыматта.

Жабдыктан сырткары, лабораторияга 50 миң ПЦР-тест тапшырылган. Министр Алымкадыр Бейшеналиев Германиянын элчиси менен эл аралык адистерге Кыргызстандын саламаттык сактоо системасына көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирди.

23
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Өткөн суткада 200 кишиден коронавирус табылып, 6 бейтап көз жумду
ТИМ Түркияга бара турчуларга сактык полисин алууну эскертти. Артыкчылыгы
Мурдагы каржы министри Адылбек Касымалиев. Архив

Мурдагы каржы министри президенттин администрация жетекчисинин орун басары болду

0
(жаңыланган 21:48 14.05.2021)
Адылбек Касымалиев 2015-жылы каржы министри болуп дайындалып, ден соолугуна байланыштуу 2018-жылы иштен кеткен.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Адылбек Касымалиев мамлекет башчынын администрация жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Аталган жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Белгилей кетсек, Касымалиев 2015-жылы каржы министри болуп дайындалып, иштен 2018-жылы кеткен. 

0
Белгилер:
жарлык, кызмат, министр, Адылбек Касымалиев
Тема боюнча
БШК Рысалиевди мандатынан ажыратты. Анын ордуна ким келди?
Жапаровдун жаңы администрациясы түзүлдү. Ким жетектеди?