Электр линиялары. Архив

Жапаров электр энергиясына чектөө кайра алып салынарын айтты

564
(жаңыланган 10:26 27.04.2021)
Буга чейин сунушталган тарифте колунда барлар кышкы мезгилде 1000 кВт сааттан ашык жакса 2 сом 29 тыйындан эсептелери айтылган.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров КТРКга берген маегинде электр энергиясын пайдаланууга коюлган чектөө кайра алып салынмай болгонун билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин сунушталган тарифте Жапаров колунда бар үй-бүлөлөр 1 сом 48 тыйындан, ал эми кышкы мезгилде 1000 кВт сааттан ашса 2 сом 29 тыйындан эсептелерин маалымдаган. Ал эми бул жолку маегинде 1000 киловаттык чектөөнү алып саларын айтууда.

"Электр энергиясын байлар жагат да, кыштын күнү хан сарайы барлар үйүн жылытуу үчүн көп колдонот, ошол категорияга кыштын күнү 1000 киловаттан ашса 2 сом 29 тыйындан кылып көтөрүп койсок болот деген сунуш түшкөн. Азыр чектөө деген сөздү унуткула да, бирдей тарифти койгула деп жатабыз", — деди Жапаров.

Муну менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 74 тыйындан, бийик тоолуу аймактын жашоочуларына электр кубатын 1 сом 04 тыйындан, ал эми жашоо шарты жакшыларга 1 сом 48 тыйындан (чектөөсү жок) сунушталууда.

564
Белгилер:
чектөө, электр энергиясы, тариф, Садыр Жапаров
Тема:
Жапаров электр кубатынын баасын көтөрүүнү сунуштады (12)
Тема боюнча
Жапаров: электр кубатына тарифти өзгөртпөсөк тезек терген жашоого кайтабыз
"Кудайга шүгүр" жашаган элдин санын кантип билебиз? Абоненттердин статистикасы

Исландияда жанар тоо жайгашкан жерди сатыкка коюшту. Видео

14
Фаградальсфьядль вулканы жайгашкан жерге жергиликтүү үй-бүлө ээлик кылат. Алар аймакты бөлүп же толугу менен сатканга макул.

Исландияда Фаградальсфьядль вулканы ойгонуп жаткан жер сатыла тургандыгын Bloomberg агенттиги жазды.

Аймак Храун дыйкан чарбасына тиешелүү. Анна Тордис Гудмундсдоттир бул жер алардын ата-бабасынан калганын айтып, "кимдир бирөөлөр эл келип, кызыгып карай турган жай курса" деген ниетин билдирген.

Тилкенин бөлүгү же баары толугу менен сатылмакчы. Анна эки кардар чыгып, жакшы баа сунуштаганын да айтып берген.

"Бул аймак өзүнө ылайык баага сатылат, бизге кеминде эки кишиден сунуш түштү", — деген ал.

Адистер жанар тоонун атылышы бир нече жылдарга созулушу мүмкүн экендигин айтып, бул жерге болгон кызыгуу барган сайын артарын кошумчалашкан.

Исландиянын бийлиги ал тилкени сатып алуугу ашыккан жок. Бирок автоунаалар токтоочу жай, тик учак конуучу аянтча жана туристтерди тейлей турган борбор курууга жарым миллион доллар бөлүп берүүгө даяр экендигин айткан.

Маалымат үчүн айтсак, Фаградальсфьядли 2021-жылдын март айынан тарта ойгоно баштаган. Жанар тоо Рейкьявиктиен түштүк-батышты карай 30 чакырым аралыкта жайгашкан.

14
Белгилер:
аукцион, сатык, жанар тоо, Исландия
Тема боюнча
Жалын шыркырап агып. Исландияда тынч жаткан жанар тоонун ойгонгон видеосу
Муздаткыч. Архив

Кайсы азыктарды муздаткычка салбаш керек? Адистин кеңеши

46
Нымдуу, муздак жерде сактабай турчу азык, жашылчалардын арасында сарымсак, пияз, зайтун майы дагы бар.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Айрым азыктарды муздаткычта сактоого таптакыр болбойт. Себеби төмөнкү температура жана нымдуулуктан алар тез көгөрүп, пайдалуулугун жана даамын жоготуп коет. Бул тууралуу My Health Reads басылмасынын туура тамактануу жаатындагы адистери айтканын РИА Новости жазды.

Адистер картошканы жуубай, кургак, күн тийбеген жерге сакташ керектигин эскертишкен. Эгер бул жашылчаны тоңдуруп койсо даамы өзгөрүп, крахмалы таттуу болуп, өсүмдүктүн түсүн жоготуп коет.

"Муздаткычка эч качан пияз менен сарымсакты сактабагыла. Нымдуу жерден алар бат чирийт. Тазаланган сарымсак бир аз турушу ыктымал, бирок жыты тез эле жоголуп кетет", — деп айтылат маалыматта.

Муздаткычта көпкө сакталбаган азыктар:

  • Бал. Катуу болуп, тоголоктошуп калат;
  • Зайтун майы. Муздаткычта туруп калса даамын жана жытын жоготуп, тунук болбой калат;
  • Жаңгак, кургатылган жемиштер. Даамын жоготуп, катуу болуп калат;
  • Нан. Анын курамындагы крахмал катуу болуп, жыйынтыгында нан көгөрүп, бат бузулуп кетет.
46
Белгилер:
кеңеш, азык, жашылча, муздаткыч
Тема боюнча
Диетолог жумуртканы эртең мененки тамакка колдонбой эле коюуга чакырды
Дүйшөнкулова: адам күн сайын 400 граммдай жашылча-жемиш жеши керек
Дарыя. Архив

Сузакта мал айдап баратып сууга аккан 6 жашар баланын сөөгү табылды

0
(жаңыланган 10:00 18.05.2021)
Издөө иштерине ӨКМден 13 куткаруучу тартылган. Кечки саат 17:00дө баланын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүп берилди.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда алты жаштагы бала сууга агып көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

М. уулу М. аттуу бала райондун Калмак-Кырчын айылында мал айдап баратып Көк-Арт дарыясына агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

"Издөө иштерине ӨКМден 13 куткаруучу тартылган. Кечки саат 17:00дө баланын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүп берилди", — деп айтылат маалыматта.

Издөө иштерине баланын туугандары да катышкан.

0
Белгилер:
ӨКМ, кырсык, өлүм, бала, Сузак району
Тема боюнча
Өзгөндө кой кайтарып жүргөн 8 жашар баланы сел агызып кетип көз жумду