COVID: Бишкектин ооруканаларындагы бош орундардын тизмеси

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер ооруканада. Архив
Медициналык кызматкер ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2021
Жазылуу
Борбор калаадагы он ооруканада эки жүзгө чукул орун каралган. Бош орундардын көбү Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары бөлүмүндө.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус жуктургандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги ооруканалардагы бош орундар тууралуу маалымат берди.
27-апрель саат 8:00гө карата берилген маалыматка ылайык, 10 ооруканада 199 орун бош:
  • Улуттук хирургия борборунда — 5;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 12;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 10;
  • Улуттук госпиталь: мобилдик госпиталь — 35;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 12;
  • №6 шаардык клиникалык оорукана — 5;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 18;
  • Чүй облустук ооруканасы — 7;
  • Улуттук госпиталь: Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары бөлүмү — 77;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 10.
Кошумча маалыматты стационарлардын картасында көрсөтүлгөн телефондор аркылуу тактоого болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0