Президент Садыр Жапаров. Архив

Жапаров: 1-июлдан тарта жаңы мыйзамдар менен жашай баштайбыз

308
(жаңыланган 12:10 27.04.2021)
Мамлекет башчысы Жогорку Кеңеш каникулга тарап кеткенге чейин жаңы Конституцияга ылайыкташкан мыйзамдар кабыл алынып бүтөрүн айтты.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта жаңы Конституция жана жаңы мыйзамдар менен жашай баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров КТРКга берген интервьюсунда билдирди.

Мамлекет башчысы Конституцияга ылайыкташкан мыйзамдар депутаттар каникулга тараганга чейин кабыл алынып бүтөрүн белгиледи.

"Конституция боюнча БШК ушул жумада жыйынтыгын чыгарса керек. Жыйынтык чыккандан кийин жаңы Конституция күчүнө кирет, бирок мыйзамдар эки айдын ичинде, депутаттар каникулга тараганга чейин кабыл алынып бүтөт деп ойлонуп турам. Бири-бирине карама-каршы келген мыйзамдар көп, аларды Конституцияга дал келтириш үчүн оңдоп-түздөп долбоорлорун даярдап койдук. Жогорку Кеңешке 17 пакет мыйзам кирет. Кабыл алынгандан кийин 1-июлдан баштап жаңы Конституция жана жаңы мыйзамдар менен жашай баштайбыз", — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш 30-июнда эки айлык каникулга тарайт.

308
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, президент, Садыр Жапаров, конституция, Кыргызстан
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум (190)
Тема боюнча
Жапаров: казино Бишкекке да ачылсын, бирок кыргызстандыктар анын босогосун аттабайт
Референдумдун алдын ала жыйынтыгы чыгып, жаңы Конституция колдоо тапты
Спутник Лайт вакцинасы. Архив

Россия коронавируска каршы дагы бир вакцинаны каттоодон өткөрдү

8
(жаңыланган 21:34 06.05.2021)
Бир компоненттүү "Спутник Лайт" вакцинасынын эффективдүүлүгү эмдөөнүн 28 күнүнөн тарта 79,4 пайызга жетери айтылды.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы "Спутник Лайт" вакцинасын каттоодон өткөрдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Бир компоненттүү "Спутник Лайт" вакцинасынын эффективдүүлүгү эмдөөнүн 28 күнүнөн тарта 79,4 пайызга жетет. Бул учурда текшерилгендердин 96.6 пайызында IgG антителосу, 91,67 пайызында вирусту алсыздандыра турган антитело пайда болорун аныкталды. 80 пайыз учурда анын таасири эки компоненттүү вакциналардан дагы күчтүү экенин белгилүү болду”, — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда анын клиникалык сыноосунун үчүнчү фазасы өтүп, ага Россия, БАЭ, Гана сыяктуу мамлекеттерден 7 миң кши катышып жатат. Жыйынтыгы ушул айда белгилүү болот.

"Спутник Лайт" Гамалея борбору менен Россиянын Түз инвестициялар фонду (РФПИ) биргеликте иштеп чыккан "Спутник" вакцина топтомуна кирет.

Буга чейин Гамалея атындагы борбордун директору Александр Гинцбург "Спутник Лайт" аталган мамлекеттерде оорунун мизин кайтарып, жергиликтүү саламаттык сактоо тармагына сезилерлик колдоо болорун белгилеген.

8
Белгилер:
вакцина, коронавирус, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Майдын ортосунда "Спутник V" вакцинасынын дагы бир партиясы келери күтүлүүдө
Жаан учурунда киши кол чатыр менен бара жатат. Архив

Жума күнүнө карата аба ырайы

27
7-майга караган түнү температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу суунун деңгээли кескин көтөрүлүп, тоолуу райондордо сел жүрүшү ыктымал.

БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +21…+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +24…+29, Ысык-Көлдө +19…+24, Нарын өрөөнүндө +20…+25 градусту көрсөтөт.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы мүмкүн. Күндүн табы борбордо +24…+26, Ош шаарында +25…+27 градус болору боолголонду.

27
Белгилер:
Кыргызстан, май, аба ырайы
Тема боюнча
Жаан жаайбы? Дем алыш күндөргө карата аба ырайы