Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Бештин ордуна бирөө. Кыргызстанда IT мамлекеттик ишканасын түзүү пландалууда

© AFP / JOE RAEDLEПрограммист иш учурунда. Архив
Программист иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2021
Жазылуу
Мындай чара административдик персоналды кыскартып, программисттерди жумушка тартууга өбөлгө болот.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Мамлекеттик IT ишканаларды оптималдаштырып, аларды борборлоштурулган бир уюмга бириктирүү иши пландалып жатат. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын санариптик трансформация бөлүмүнүн башчысы Таалай Байтереков Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык борборундагы брифингде сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындай чара административдик персоналды кыскартып, программисттерди жумушка тартууга, сапаттуу продукция чыгарып, аны рынокто пайдаланууга өбөлгө болот.
Учурда өкмөттүн токтому мамлекеттик органдар менен макулдашуу процессинен өтүүдө. Азырынча менчиктин кандай формасы тандалары белгисиз.
"Борборлоштурулган мамлекеттик ишканага электрондук башкаруу укугу берилет. Мында мекеме мамлекеттик ресурсту идентификациялоо системасын, ведомстволор аралык "Түндүк" системасын иштетип, ЕАЭБ менен иштешкен интеграциялык шлюз операторунун милдетин жана мындан башка дагы бир катар стратегиялык мүнөздөгү функцияларды аткармакчы", — деген Байтереков.
Ал бардык беш ишкана бири-бири менен байланышпаган тутумдарды түзүп, ар бири "өз көмөчүнө күл тартып" калышканын белгиледи. Бөлүм башчынын айтымында, мындай мамиледен улам карапайым калктын мамлекеттик кызматтардан пайдалануусу кыйынга турат.
Программалоо жана дизайн академиясынын башкы директору Динара Руслан. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2021
Афганистанда иштеп келген. Марипов өзүнө жаңы кеңешчи дайындады
"Ар бир мекеме өз-өзүнчө багыт алган, бирдиктүү аянт, бирдиктүү багыт жок. Элге бардык мамлекеттик органдар менен өз ара алакасы үчүн калкка бир тиркеме, бир байланышуу жайы керек. Мындай учурда кыргызстандыктар үчүн көптөгөн паролдорду жаттоо, бир канча тиркемелерди көчүрүү зарылдыгы жаралбайт", — деп белгиледи ал.
Байтерековдун айтымында, оптимизацияланбаган мамиледен улам калк аргасыздан электрондук бюрократияга туш болууда.
Эскерте кетсек, өткөн жумада Санариптик өнүктүрүү боюнча мамлекеттик кызматтын (ГСКР) алдындагы беш ишкананын директорлору жумушунан бошотулган.
Аткарган функциясы окшош ишканаларга талдоо жүргүзүлүп, аларга ашыкча акча чыгымдары, айрым мамлекеттик ишканалар өзүн-өзү каржылап жатса, ошол эле учурда казынадан түздөн-түз толук субсидия менен камсыздалгандары аныкталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0