Кыргызстандык окуучулар Менделеев олимпиадасынан күмүш, коло байге утушту

© Sputnik / Константин МихальчевскийОкуучулар химия сабагында. Архив
Окуучулар химия сабагында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2021
Жазылуу
Химия боюнча эл аралык ири жарыш онлайн форматта өттү. Ага 25 мамлекеттен окуучулар катышып, күч сынашкан.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кыргызстандык окуучулар химия предмети боюнча 55-эл аралык Менделеев олимпиадасынан эки медаль утушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
© Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КРКыргызстандык окуучулар химия предмети боюнча 55-эл аралык Менделеев олимпиадасынан эки медаль утушту
Международная Менделеевская олимпиада по химии - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кыргызстандык окуучулар химия предмети боюнча 55-эл аралык Менделеев олимпиадасынан эки медаль утушту
20-26-апрель күндөрү онлайн форматта өткөн олимпиадага Кыргызстандан төрт окуучу катышкан.
Лицей №1580 в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2020
Македониядагы математика олимпиадасында кыргыз окуучулары 3 медаль алышты
Анын жыйынтыгы менен Бишкектеги Чыңгыз Айтматов лицейинин 11-классынын окуучусу Камил Мамбетов экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль тагынган. Ал эми №61 физика-математикалык мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу Надежда Одрина коло байгеге жетишкен.
Химия боюнча окуучулардын Менделеев олимпиадасы бул эл аралык ири мелдеш болуп саналат. Ал СССРде химия боюнча Бүткүл союздук олимпиада катары 1967-жылы башталган. Анын суроолору дүйнөдөгү алдыңкы химик-окумуштуулардан турган эл аралык калыстар тарабынан түзүлөт.
2021-жылы иш-чара онлайн форматта өткөрүлүп, ага 25 мамлекеттин командалары катышты.
Жаңылыктар түрмөгү
0