Маршруткалар. Архив

Бишкек: маршрутка айдоочулары иш таштабашы үчүн мэрия кандай аракет көрүүдө

84
(жаңыланган 19:17 27.04.2021)
Мэриядан билдиришкендей, иш таштоо божомолдонгон күнү ар бир маршруттун акыркы аялдамасынан маршруткалар кандай аралыкта жүрүп жатканы көзөмөлдөнөт.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Бишкектин укук коргоо органдары Шаардык транспорт башкармалыгы менен биргеликте жүргүнчү ташуу менен алектенген фирмалардын жетекчилерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Буга чейин интернетте айдоочулар 3-май күнү ишке чыкпай, жол кирени көтөрүүнү талап кылышат деген маалыматтар тараган эле.

Жол кирени көтөрүү маселеси жылдын башында, тагыраагы, январь айында да көтөрүлүп, айдоочулар иш таштап, эл ташыганга чыкпай койгон.

Эл ташыган жеке компаниялардын жетекчилери Бишкектеги кичи автобустарда жол кирени 19-20 сомго чейин көтөрүүнү талап кылган. Ал кездеги мэр Балбак Түлөбаев маршруткалардын жол киресин көтөрүү боюнча сүйлөшүүлөр болгонун, бирок ага убакыт керектигин айткан.

Ал эми бир нече күн мурда Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспорттун жол киресин этап-этабы менен көтөрүү маселеси боюнча иштеп жатканын айтты.

84
Белгилер:
милиция, транспорт, Бишкек мэриясы, Бишкек
Тема боюнча
Маршрутка айдоочулары иш таштайт деген маалымат боюнча мэрия үн катты
Унаа жолу. Архив

Кыргызстан менен Өзбекстан транспорттук байланышын күчөтөт

6
(жаңыланган 10:52 18.05.2021)
Эки өлкөнүн делегациялары транспорттук байланышын бекемдөө үчүн Ош — Сары-Таш — Эркечтам коридорун бойлой изилдөө иштерин жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстан Кашгар — Эркечтам — Ош — Анжиян — Ташкент аркылуу өткөн мультимодалдык транспорт коридорун рационалдуу пайдалануу жолун издей баштады. Бул үчүн коңшу өлкөнүн транспорт министри Ильхом Махкамов менен анын кыргызстандык кесиптеши Гүлмира Абдралиева жолугуп сүйлөшкөнүн Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Учурда эки өлкөнүн делегациялары Кыргызстан менен Өзбекстандын транспорттук байланышын бекемдөө үчүн Ош — Сары-Таш — Эркечтам коридорун бойлой изилдөө иштерин жүргүзүп жатат. Мунун алкагында адистер "Эркечтам" өткөрүү пунктунун ишмердүүлүгүн көрүп чыкты. Мындан тышкары, алар Чыйырчык, Талдык, Тоң-Мурун ашууларына барышты.

Белгилей кетсек, бир нече жылдан бери пландалып, бирок ишке ашпай жаткан Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу дагы дал ушул Кашкар — Эркечтам — Ош — Анжиян — Ташкент багыты боюнча өтөт.

6
Белгилер:
жол, транспорт, Өзбекстан, Кыргызстан
Тема боюнча
23 жыл мурдагы демилге. Өзбекстан быйыл Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүгө аракет кылат
Баткен облусундагы Ак-Сай айылы. Архив

Чек арадагы Аксай менен Ворух айылдарына милициянын посттору коюлду

20
(жаңыланган 10:27 18.05.2021)
Эртең мененки жетиден тартып автоунаалар Ходжаи-Аъло — Ворух жана Ак-Сай — Тамдык багыты боюнча жүрүп жатканы айтылды.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Баткендин Аксай жана Тажикстандын Ворух айылдарынын чек араларына эки тараптан тең милициянын посттору коюлду. Бул тууралуу УКМКга караган Чек ара кызматы кабарлады.

Бүгүн эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрү жолугуп, буга чейинки макулдашуулардын аткарылышын талкуулашты.

Маалыматка ылайык, саат 07:30дан баштап автоунаалар Ходжаи-Аъло — Ворух жана Ак-Сай — Тамдык багыты боюнча жүрүп атат. Мындан сырткары, тараптар саат 08:00дөн баштап кыргыз-тажик чек арасында биргелешкен күзөттөрдү уюштурууда.

Кечээ, 17-майда, укук коргоо органдары Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылында транзиттик жолдон өтүүнүн эрежелерин бузгандыгы үчүн үч тажикстандыкты кармаган. Териштирүүдө алардын бири Тажикстандын УКМКсынын кызматкери, экинчиси Чек ара күчтөрүнүн аскер кызматкери экендиги аныкталган. Ошол эле учурда Баткендин Ворух анклавы аркылуу Ак-Сай айылына бара жаткан кыргызстандык үч кишини коңшу өлкөнүн 30-40 адамдан турган тобу кармап, сабап салган. Эки тараптын тиешелүү жактарынын сүйлөшүүсү менен кармалгандар бошотулуп, абал турукташкан.

20
Белгилер:
пост, милиция, чек ара, Баткен, Кыргызстан, Тажикстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Кыргыз-тажик чек арасында эки тарап тең кишилерди барымтага алып, кайра бошотту
Кыргыз-тажик чек арасында чырды ким баштаганын космостон тартылган сүрөт көрсөтөт