Фейк! УКМК тажик окуучулары менен кыргыз чек арачылары боюнча үн катты

© Sputnik / Эмиль СадыровЧек ара кызматкери. Архив
Чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2021
Жазылуу
Буга чейин Тажикстандын айрым ЖМКлары кыргыз чек арачылары эки тажик окуучусун кармап, сабагандыгын жазып чыгышкан.
БИШКЕК, 28-апр.— Sputnik. Кыргызстандын чек арачылары эки тажик окуучусун сабады деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын алдындагы Чек ара кызматынан кабарлашты.
Буга чейин Тажикстандын айрым ЖМКлары кыргыз чек арачылары эки тажик окуучусун кармап, ур-токмокко алганын жазып чыгышкан.
"Мындай билдирүүлөр ЖМКларга жарыялангандан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөштү. Анда тажик тарап кыргызстандык чек арачылар тажик окуучуларын кармап, сабады деген фактыны расмий түрдө төгүндөдү. Чек ара өкүлдөрү бул маалымат фейк экенин айтышкан", — деп жазылат маалыматта.
УКМК алдындагы Чек ара кызматы тажик тарапты Кыргызстанды себепсиз каралоодон алыс болууга чакырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0