Өткөн суткада 322 киши COVID жуктуруп, үч киши каза болду. Статистика

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматкери. Архив
Тез жардам кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2021
Жазылуу
Пандемия башталгандан бери өлкөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 94 599га жетип, 88 658и ооруну жеңип чыгышты.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 322 кишиден табылса, дарыланып жаткан үч адам каза болуп калды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Көз жумгандардын экөө Бишкек шаарынын тургундары болсо, бири Чүй облусунда жашаган. Пандемия башталгандан бери COVID-19 алып кеткендердин расмий саны 1 592 адамга жетти.
Жуктургандар:
  • Бишкек шаары – 227;
  • Ош шаары – 9;
  • Чүй облусу – 59;
  • Ош облусу – 6;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу — 2;
  • Ысык-Көл облусу – 15;
  • Жалал-Абад облусу – 1;
  • Баткен облусу – 2.
Сакайып кеткендер:
  • Бишкек шаары – 150;
  • Ош шаары – 3;
  • Чүй облусу – 64;
  • Ош облусу – 3;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 11;
  • Жалал-Абад облусу – 7.
Пандемия башталгандан бери өлкөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 94 599га жетип, 88 658и ооруну жеңип чыгышты.
Учурда стационарда дарыланууда жаткан 1 419 бейтаптын ичинен 338 бейтап оор, 68 бейтап өтө оор абалда экени айтылууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0