Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 70 миң сомдон берилет

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүСогуш ардагери. Архив
Согуш ардагери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2021
Жазылуу
2021-жылдын 1-апрелине карата маалымат боюнча, Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 146 ардагери бар.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 70 миң сом өлчөмүндө бир жолку колдоо көрсөтүү тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
"Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин бүткүл дүйнөлүк тарыхый маанисин эске алып, кыргызстандык жоокерлердин улуу эрдигине терең сый-урмат көрсөтүү менен таазим этип, ардагерлерге Ата Мекенди коргоодогу эрдиги жана баатырдыгы үчүн ыраазычылык билдирүү иретинде президент Садыр Жапаров тийиштүү буйрукка кол койду. Ага ылайык, ардагерлерге кошумча бир жолку социалдык колдоо көрсөтүү иретинде 70 миң сомдон бөлүндү", — дешти аппараттан.
2021-жылдын 1-апрелине карата маалымат боюнча, Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 146 ардагери бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0