Депутат Атазов 8%дан жогорку кредитти арам деп атоону сунуштады

© Фото / пресс-служба ЖКДепутат Шайлообек Атазов. Архив
Депутат Шайлообек Атазов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2021
Жазылуу
Эл өкүлү "пайыздык коюмдарды чечүүнүн жолу барбы?" деп сурап, кээ бир банктар чегинен чыгып кеткенин айтат.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов 8 пайыздан жогорку коюм менен берилген кредитти арам деп атоону сунуштады.
Эл өкүлүнүн айтымында, өлкөдө 65 үй-бүлө насыянын айынан акыркы үйүн банкка тарттырып ийүү коркунучунда турат.
"Биз кичинебизде 10-20-пайызга кредит берет деп укчу элек. Азыр 45 пайызга чейин чыгып кетиптир. Урматтуу Аида Камчыбековна, депутаттар, өзү насыя бергенде канча пайызга чейин адал болот? Менде сунуш бар, 8 пайыздан өткөндөн кийин адал эмес деп койбойлубу. Ушул пайыздарды чечүүнүн жолу барбы, кээ бир банктар чегинен чыгып кетти", — деди Атазов.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 25 коммерциялык банк ишмердүүлүгүн жүргүзөт, анын экөө мамлекетке таандык.
Жаңылыктар түрмөгү
0