Жубайлар төшөктө гезит окуп жатышат. Иллюстративдик сүрөт

Төшөк кумары иммунитетти бекемдөөгө жардам береби? Сексологдун жообу

390
Жыныстык катнаш учурунда адамга ырахат тартуулай турган гормондун баары бөлүнүп чыга турганы белгиленди.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Төшөк кумары стресс менен күрөшүүгө жардам берип, иммунитетти бекемдейт. Бул тууралуу психолог-сексолог Анна Котеневанын айтымына таянып, РИА Новости кабарлады.

"Дене кумарына батып жаткан учурда адамга ырахат тартуулай турган гормондун баары бөлүнүп чыгат. Жыйынтыгында иммундук система да бекемделет. Ар бир гормон стресске каршы багытталган. Ошол себептен адам дене кумарына батып турушу шарт", — деди адис.

Сексолог адамдын дене табы көтөрүлүп турган убакта жыныстык катнашка барууну сунуштаган эмес. Бул учурда адамга кошумча жүктүн кереги жок. Ошондой эле тумоолоп калганда дене кумарын кое туруу айтылды. Адам айыга баштаганда, ал-күчү, каалоосу пайда болгондо гана өнөктөшүнө зыян келтирбей ырахатка батышы кажет.

390
Белгилер:
стресс, оору, дене, сасык тумоо, иммунитет, төшөк кумары
Тема боюнча
Эртең мененки төшөк кумары эркектин өмүрүн узартат. Сексологдун аныктамасы
Жүк ташуучу унаалар. Архив

Милиция: Баткенде кармалган Тажикстандын 3 фурасы кыргыздардыкына алмаштырылат

377
(жаңыланган 23:12 11.05.2021)
Үч фура 7-майдан бери чек ара тилкелериндеги окуяга байланыштуу коопсуздук үчүн милиция кызматкерлеринин карамагында болгон.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Баткен облусунун кире бериш аймагынан токтотулган Тажикстандын жүк ташып бара жаткан унаалары милиция тарабынан кармалып турган. Бул тууралуу Баткен облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, үч фура 7-майдан бери чек ара тилкелериндеги окуяга байланыштуу коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлеринин карамагында болгон.

“Бүгүн, 11-майда, кармалган фураларды Баткен ОИИБдин унаа токтотуучу жайына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын коштоосунда Баткен шаарына алып келе жаткан. Кыргыз жарандарынын жети фурасы Тажикстанда кармалып турат. Эки өлкөнүн ИИМ жетекчилеринин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында жүк ташуучу унаалар алмаштырылат”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда Тажикстандын жүк ташуучу унааларын Кыргызстандын укук коргоо органдары коштоп чек арадан өткөрүүгө аракет кылган деген видео тараган.

377
Белгилер:
милиция, Тажикстан, алмашуу, фура, Баткен
Тема боюнча
УКМК Тажикстанга Баткен аркылуу бензин ташылууда деген маалыматты четке какты
Лейлекте чек ара чырында уурдалган 16 унаанын үчөө Тажикстандан кайтарылды
Кызгалдак гүлдөгөн талаа. Архив

Шаршембиге карата аба ырайы

41
12-майга караган түнү нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Шаршембиде күндүз туруксуз аба ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы төмөндөйт. Чүй, Талас облустарында +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +22…+27, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +17…+22 градусту көрсөтөт.

Күндүн табы Бишкекте +21…+23, Ош шаарында +25…+27 градус болот.

41
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Жаан жаап, күн күркүрөйт. Бир аптага карата аба ырайы