Чек ара чыры: тургундар Жапаров, Ташиев, Мариповдун келишин талап кылууда

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров УКМК башчысы Камчыбек Ташиев менен жолугушуу учурунда. Архив
Президент Садыр Жапаров УКМК башчысы Камчыбек Ташиев менен жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Жазылуу
Айылдык кеңештин депутаты учурда чыр чыккан жерге башка аймактардан адамдар келип, чогулуп жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Жергиликтүүү тургундар Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасында жаңжал болгон жерге бийлик башчыларынын келишин талап кылууда. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Ак-Татыр айылдык кеңешинин депутаты Мухтарали Халмурзаев билдирди.
Анын айтымында, эл президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана премьер-министр Улукбек Мариповдун келиишин, маселени жеринен чечүүсүн талап кылууда. Буга чейин тургундар чогулуп, атайын видеокайрылуу дагы жасашкан.
"Кырдаал турукташа элек, ок атуулар дагы деле болуп жатат", — деди айылдык кеңештин депутаты.
Халмурзаев учурда чыр чыккан жерге башка аймактардан адамдар келип, чогулуп жатышканын кошумчалады.

Баткендеги жаңжал

28-апрель күнү күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы ИИМ кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Чек ара чыры. Баткендеги соңку кырдаал боюнча онлайн-репортаж
Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин ташка алган. Кечке маал абал салыштырмалуу турукташып, бирок таңга жуук кайрадан курчуган.
Окуя учурунда төрт кыргызстандык жаракат алып, алардын ичинен бирөөнө ок тийип оор абалда жатат. Ошол эле учурда тажик тарап жети адамга таш тийип жабыркаганын айтууда.
Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Чек арада ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот.
Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт, бүгүнкү күндө анын 504 чакырымы гана такталган. Эки өлкө эгемендүүлүк алгандан бери 70 талаштуу аймактын тагдырын чече албай келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0